Өлүмгө эрте кабылбаш үчүн эмне кылуу керек. Адистин кеңеши

Адис 30 жыл бою 116 миң адамдын жашоо образына изилдөө жүргүзгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Өлүмгө эрте кабылбаш үчүн адам баласы жумасына спорт менен 300дөн 600 мүнөткө чейин алектенип турушу керек. Бул тууралуу окумуштууларга таянып билдирген.
Бул үчүн адистер 30 жыл бою 116 миң адамдын жашоо образына изилдөө жүргүзгөн.
Анын жыйынтыгында адам баласы үзгүлтүксүз жөө басып же гимнастика жасаса жакшы болорун аныкташкан. Эгерде андан да ыкчамыраак (сууда сүзүп, чуркап, велосипед тээп) жүрсө, бул жумасына 150дөн 300 мүнөткө чейин алектенгендик болорун түшүндүрүшкөн. Бул жети күндө 2,5-5 саат же күнүнө бир саат активдүүлүк дегенди билдирет.
Изилдөөнүн авторлору организмге жогоруда биз жазгандай эки түрдө – орточо деңгээлде же активдүү түрдө күч келсе ден соолукка пайдасы тиерин айтышкан. Окумуштуулар өтө көп алектенсе деле адам баласы андан зыян тартпастыгын, бирок ден соолукка өзгөчө артыкчылык деле алып келбей турганын кошумчалашкан.
Окумуштуулар өмүрдү 10 жылга узартуунун жолун айтып беришти