Министрлер кабинети каалоочулар үчүн электр энергиянын чексиз тарифин бекитти

Жаңы тарифке ыктыярдуу негизде келишим боюнча өтсө болот.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Министрлер кабинети электр энергиясына болгон жаңы чексиз тарифин бекитти.
Өкмөттүн маалыматына ылайык, бардык каалоочулар электр кубатын чектөөсүз колдоно алат, бирок ал үчүн бир киловатт-саатына 5 сом 4 тыйындан төлөшү шарт.
"Бул категориядагы жарандарга электр энергиясын көп керектөөчү катары тариф киргизилет. Анда пайдаланган электр энергиясынын бардык көлөмү эсептелет. 700 киловатт-сааттык норма иштебейт", — деп айтылат маалыматта.
Жаңы тарифке ыктыярдуу негизде келишим боюнча өтсө болот.
Эске салсак, жакында эле Кыргызстанда жакынкы күндөрү колунда бар адамдар үчүн электр энергиясын чексиз колдонууга өзүнчө тариф киргизилери айтылган.
Бекмурзаев: кийинки жылы электр энергиясын кымбаттатыш керек деп эсептейм