Картайтпайт, ден соолукту чыңдайт. Кара карагаттын пайдасы айтылды

Мөмөнүн бул түрү С витаминине бай. Ал иммунитетти бекемдеп, инфекциялык оорулардан коргоого жардам берет.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Кара карагаттын пайдалуу касиети тууралуу "Известия" диетолог Елена Соломатинага таянып жазды.
Анын айтымында, мөмөнүн бул түрү С витаминине бай. Ал иммунитетти бекемдеп, инфекциялык оорулардан коргоого жардам берет.
Мындан сырткары, кара карагат картаюуну жайлатып, жаштын өтүшү менен пайда болгон оорулардын өөрчүшүн алдын алат.
"Мөмөдөгү С витамини жана антиоксиданттар жүрөк-кан тамыр ооруларын, онкологиялык дарттарды жана көз илдетинин өөрчүп кетишин алдын алат. Деги эле организмдин картайышына байланышкан ооруларды болтурбаганга жардам берет", — деп түшүндүрдү эксперт.
Соломатина карагаттын уругу да ден соолукка өтө пайдалуу экенин билдирди. Урукта каныкпаган май кычкылдары бар, бул атеросклерозду пайда кылган "жаман" холестеринден коргой алат.
Адамды тез картайта турган азыктарды адис санап берди