Кытай кайсы учурда объектилерди алып коюшу мүмкүн? Финансы министрлигинин жообу

Министрлик Кыргызстанда кредиттик төлөмдөрдүн кечиктирилишине жол бербей турганын убадалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Финансы министрлиги министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун карыз төлөнбөсө Кыргызстандагы айрым объектилер Кытайдын башкаруусуна өтөт деген билдирүүсү боюнча комментарий берди.
Буга чейин Акылбек Жапаров Кытайга болгон карыз төлөнбай калса Бишкек ТЭЦинин, Датка-Кеминдин, Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолунун башкаруусу башка бирөөнүн колуна өтөрүн билдирген.
Мындан улам тышкы башкаруу кандай учурда киргизилет, бул эмнени билдирет деген сыяктуу тактоочу суроолор пайда болгон.
"Бул сөз Кытайдын Кыргызстанга берген насыяларын убагында төлөй албай калган учурда эң начар сценарийдин мисалы катары айтылган. Эгер биз экономиканы туруктуу өнүктүрүүгө жана өлкөнүн мамлекеттик бюджетинин киреше бөлүгүн натыйжалуу аткарууга жоопкерчиликтүү мамиле кылбасак, ушундай жыйынтык чыгышы мүмкүн. Бул ынтымакта иштешүүгө чакырган эскертүүнүн жолу болгон", — деп жазылат министрликтин жообунда.
Тышкы башкаруу маселелери боюнча суроого министрлик "Кытайдын Экспорттук-импорттук банкы менен кредит боюнча кол коюлган келишимдерде тышкы башкарууну киргизүү шарттары каралган эмес" деп жооп берди.
"Насыя боюнча милдеттенмелер аткарылбай калса Кытай объектилерди башкарууга талапкерлик кылбайт. Мөөнөтү өтүп кеткен төлөмдөр же башка жагдайлар боюнча келишпестиктер келишимдердин жана эл аралык макулдашуулардын алкагында жөнгө салынат", — деген Финансы министрлиги.
Ведомство өлкөдө финансылык туруктуулук болбой, карызын төлөй албай дефолт жарыялаган учурда гана тышкы башкаруу маселеси көтөрүлөрүн кошумчалаган.
"Бирок азыркы тапта андай коркунуч жок. Себеби Финансы министрлиги кредиттик төлөмдөрдүн кечиктирилишине жол бербейт", — деген министрлик.
Бардык милдеттенмелер өз убагында жана толук көлөмдө төлөнүп жатканы кошумчаланды.
Кыргызстандын Кытайга карызы: эң ири сумма 2025-2027-жылдарга туура келет