Улуттук банктын алтын кору төртүнчү ай катары менен төмөндөп жатат

Улуттук банктын резервдери ондогон валютадан жана алтындан турат. Бул сомдун курсун кармап туруу үчүн керек.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Улуттук банктын алтын запасынын баасы июнь айына карата 2 миллиард 834,1 миллион сомго азайды.
Белгилей кетсек, алтын запасынын баасы төртүнчү ай катары менен төмөндөп жатат. 1-мартта 55 миллиард сомго, апрелде 52,8 миллиард сомго, ал эми майда 51,4 миллиард сомго бааланган.
Акыркы маалыматтарга көз чаптырсак, 1-июнда кордун баасы 50 миллиард 191,3 миллион сом болсо, ал эми июлдун башында 47 миллиард 357,2 миллион сомго түшкөн. Төмөндөөнүн себеби айтылган эмес.
Дүйнөлүк баа менен салыштыруу үчүн Баалуу металлдардын Лондон ассоциациясынын кечки фиксингин кароого болот. 1-июнда унциясы 1 844,9 доллар турса, 1 июлда 1 797,5 доллар болгон.
Алтын корунун наркы былтыр туруктуу болбой өйдө-ылдый болуп турган, тагыраагы, майда рекорддук көрсөткүчкө жетип 99 миллиард сомдон ашса, сентябрга карата 29 миллиардга төмөндөп кеткен.
Алтын валюта запасы (эл аралык валюта резерви) Улуттук банктын сомдун курсун туруктуу көзөмөлдөп туруусуна мүмкүнчүлүк берет. Ал ондогон валюталардан турат: SDR (Атайын карыз алуу укугу – Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жасалма резерви жана төлөө каражаттары) жана алтын.
Кыргызстандан чыгарылган акчанын суммасы 2 айдан бери рекорд жаратууда