Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Крым Украина тараптын акыркы блокадасын үзгөндүгүн билдирди

Крым суу, азык-түлүк, транспорт жана энергетикалык блокаданы жеңип чыкты деп билдирди республика жетекчисинин кеңешчиси.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Херсон облусундагы талкаланган электр тирөөчтөрдүн калыбына келтирилиши Киевдин Крымга койгон акыркы блокадасын жок болушуна жол ачты. Бул маалыматты республика жетекчисинин маалымат саясаты боюнча кеңешчиси Олег Крючков билдиргенин РИА Новости жазды.
"Биздин армиянын атайын операциясы жана федералдык министрликтердин ишинин жыйынтыгында Крым Киев режими койгон суу, азык-түлүк, транспорт жана эң башкысы — энергетикалык блокаданы жеңди. Крым сууну тосмосу жок кылынган Түндүк-Крым каналынан алууда. Херсон, Запорожье облустарында соода жана транспорт байланыштары калыбына келтирилди. Энергосистема шакекче түрүндө иштей баштады. Баары өз нугуна кайтып келүүдө", — деген ал.
Кечээ энергетика министри Николай Шульгинов Россия менен Херсон, Запорожье облустарын байланыштырып турган электр кубатын жеткирип туруучу эки линияны кайрадан калыбына келтирген иш-чарага катышып, алардын иштеп баштаганын жарыя кылды. Бул жабдуулардын кубаттуулугу 600 мегаваттка жакын. Эми аталган облустар Украина тарап өчүрүп салса да электр энергиясыз калбай турганы маалым болду.
Крым 2015-жылы 22-ноябрда толугу менен электр кубатынан ажыраган. Украиналык радикалдар чек арадагы, Херсон облусунун аймагындагы электр тирөөчтөрдү жардырып жиберишкен. Мындан улам Украина тараптан келген электр энергиясы менен иштеген төрт ЛЭП иштен чыккан. Крымга өзгөчө кырдаал абалы киргизилип, электр кубаты авариялык түрдө өчүрүлүп турган график түзүлгөн. Кырдаал Краснодар аймагындагы электр көпүрөсүнүн ишке кириши менен акырындап калыбына келе баштаган. Кийинчерээк эки жаңы ТЭС курулган. Жарым арал ошентип Украинанын электр энергиясына көз каранды болбой калган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинанын согушкерлери Россияга көз карашы түз жарандарды уурдап кетүүдө