БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Эгерде ЕБдин бир катар мамлекеттери энергоресурстар тартыш болуп жатканда башка өлкөлөр менен бөлүшпөсө Европанын газ рыногу болуп көрбөгөндөй зыянга учурап, урап түшөт. Бул тууралуу Германиянын экономика институтунун директору Михаэль Хютер Welt am Sonntag басылмасына курган маегинде айтканын РИА Новости жазды.
"ЕБдин бир катар мүчөлөрү коңшу мамлекеттерге берүүсүн токтоткон кырдаал жаралбашы керек. Буга газды башкалар менен бөлүшүп жаткан Европа жана Германия да кызыкдар болушу лаазым", — деген экономист.
Хютердин пикиринде, эгерде ЕБдин мүчөлөрү өзүнүн кызыкчылыгын гана ойлоп туруп алып, мындай каатчылык болуп турган заманда энергияны бууп коюшса, бизнес жана керектөөчүлөр болуп көрбөгөндөй кыйын абалда калышат.
Буга чейин германдык Handelsblatt басылмасы Европа өлкөлөрү тилектештик келишимин түзүп жатканда кыйынчылыкка тушугуп жаткандыгын жазган. Ал — каатчылыктын фонунда энергетика ресурстарын үзгүлтүксүз берүүнү камсыздашы керек эле.
Россиянын Украинаны демилитаризация жана денацификациялоо боюнча атайын операциясынан кийин Батыш Москвага карата санкцияларды көбөйттү. Көп мамлекеттер россиялык активдерди иштетпей, эсептерди жаап коюшканын жар салды, бир катарлары Москванын энергоресурстарынан баш тартууга чакырышты. Мындай кадам Батыштын өзүнө эле зыян келтирди, инфляция өсүп, азык-түлүк, отун катары пайдаланылган продукциялар кымбаттады.