"Манастагы" аскер өнөр боюнча аскердик түзүмдөр катышкан эл аралык иш-чара өттү

Жыйында Айкөл Манастын образынын мисалында аскерлерди мекенди сүйүүгө тарбиялоо маселеси көтөрүлдү.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов "Тамга" Аскер санаториясынын аймагында "Манас" эпосундагы аскер өнөрү" темасында өткөн эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
1 / 4

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов "Тамга" Аскер санаториясынын аймагында "Манас" эпосундагы аскер өнөрү" темасында өткөн эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты

2 / 4

Ал мамлекет башчынын "Манас" эпосунун үчилтигин ("Манас", "Семетей", "Сейтек") — ар тараптан изилдөө жана калкка жайылтуудагы кошумча чаралар жөнүндө" жарлыгын жүзөгө ашыруу максатында өткөрүлгөн

3 / 4

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, президенттик администрациянын Кырдаал борборунун директору, министрликтердин жана ведомстволорунун, Ысык-Көл облусунун бийлик органдарынын өкүлдөрү катышкан. Ошондой эле Бишкек шаары менен Ысык-Көл облустарынын жогорку жана жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчиликтери, ЖККУнун жана чет элдик аскер-дипломаттык корпусунун өкүлдөрү келген

4 / 4

Конференциянын жүрүшүндө Айкөл Манастын образынын мисалында аскерлерди мекенди сүйүүгө тарбиялоо жана "Манас" эпосундагы аскер өнөрүн, аскердик аспектилерин изилдөө маселелери каралганын кабарлады.

Ал мамлекет башчынын "Манас" эпосунун үчилтигин ("Манас", "Семетей", "Сейтек") — ар тараптан изилдөө жана калкка жайылтуудагы кошумча чаралар жөнүндө" жарлыгын жүзөгө ашыруу максатында өткөрүлгөн.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, президенттик администрациянын Кырдаал борборунун директору, министрликтердин жана ведомстволорунун, Ысык-Көл облусунун бийлик органдарынын өкүлдөрү катышкан. Ошондой эле Бишкек шаары менен Ысык-Көл облустарынын жогорку жана жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчиликтери, ЖККУнун жана чет элдик аскер-дипломаттык корпусунун өкүлдөрү келген.
Конференциянын жүрүшүндө Айкөл Манастын образынын мисалында аскерлерди мекенди сүйүүгө тарбиялоо жана "Манас" эпосундагы аскер өнөрүн, аскердик аспектилерин изилдөө маселелери каралганын кабарлады.
"Манас", Айтматов тууралуу докладдар окулуп... Эл аралык илимий иш-чара видеодо