Мектеп директорлорун жарлык менен иштен алуу мыйзамдуубу? Юристтин жообу

Адистин айтымында, министрлик эки беренеге таянып иштен кетирүүгө укуктуу.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Беш жылдан ашык иштеген мектеп директорлорун президенттин жарлыгы менен иштен алуу Эмгек кодексине каршы келбейт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин Укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысы Бектур Ибрагимов билдирди.
Белгилей кетсек, кечээ президент Садыр Жапаров беш жылдан ашык иштеген мектеп директорлорун иштен алып, жетекчилерди конкурс аркылуу тандап алуу тууралуу жарлык чыгарган. Ага ылайык, өлкөдөгү 966 директор иштен бошотулду.
"Эмгек кодексинин 3-беренесинде эмгекке болгон байланыштар, мамилелер кодекстен тышкары президенттин жарлыгы, өкмөттүн токтому жана башка укуктук-ченемдик актылар менен жөнгө салынат. Ошонун негизинде болуп жатат, демек, эч кандай Эмгек кодексине каршы келбейт. Мектеп директору жарлыктын негизинде 83-берене ("Иш берүүчүнүн демилгеси боюнча эмгек келишимин бузуу") менен иштен бошотулат", — деди Ибрагимов.
Юрист айтып жаткан 3-берене "Эмгек мыйзамдары жана эмгектик укук ченемдерин камтуучу башка ченемдик укуктук актылар. Эл аралык укуктук ченемдер" деп аталат.
Анда эмгек мамилелери жана аны менен түздөн-түз байланышкан башка мамилелер Конституцияга ылайык эмгек мыйзамдары жана эмгектик укук ченемдерин камтуучу башка укуктук актылар менен жөнгө салынары жазылган. Алар — аталган кодекс, башка мыйзамдар, Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыктары, өкмөттүн токтомдору, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын актылары жана эмгектик укук ченемдерин камтуучу локалдуу ченемдик актылар.
Башка мыйзамдардын ортосунда карама-каршылык болгон учурда Эмгек кодексинин ченемдери колдонулат.
Мектеп директорлорун тандоо сынагын ким кандай шартта өткөрөт? Түшүндүрмө