Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Жаңы Каховкадагы соккунун кесепети: аткылоодон ымыркай жапа чекти

Эки жашар бөбөктүн ата-энеси да жарадар болгон.
Sputnik
Херсон облусундагы Жаңы Каховка шаарына түшкөн америкалык жогорку тактыктагы HIMARS ракетасынан жабыркагандар боюнча жаңы жагдайлар чыгууда. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Маалыматты журналисттерге Жаңы Каховканын аскердик-жарандык администрациясынын жетекчиси Владимир Леонтьев берген.
"Эки жашар бөбөктүн ата-энесинин колдору сынып, тилинип кеткен. Бала кичинекей, бул башынан жаракат алган экинчи бөбөк. Ал эмчектеги ымыркай экен. Албетте, абдан коркуп да калышкан", — деп кошумчалаган ал.
Ал эми РИА Новостинин Telegram-каналы аткылоонун кесепети кандай болгонун көрсөткөн видеону жайгаштырды.
Украиналык аскерлер шейшембиге караган түнү Жаңы Каховка шаарына сокку урган. Андан улам селитра сакталган кампалар жарылган, оорукана, эл жашаган үйлөр, чиркөө жана башка имараттар талкаланган. Соңку маалыматтарда жети киши көз жумганы, 80 тургундун жаракат алганы кабарланды. Шаардагы ооруканадан жабыркагандар дагы деле кайрылып жатканын айтышты.
Калаанын аскердик-жарандык администрациянын маалыматына караганда, ракеталык соккуну америкалык, жогорку тактыктагы HIMARS ракетасы (жапырт ок чыгарган реактивдүү система) урган.
АКШнын кооптуу HIMARS ракетасы менен Украинаны камсыздоосу дагы деле уланып келет. Жакында эле президент Жозеф Байден Украинага 400 миллион доллардык аскердик жардам берүү боюнча кезектеги жарлыкка кол койгон. Анда Пентагондогу жогорку кызматтагы маалымат булактар жаңы транш менен залптык ок чыгарган реактивдүү HIMARS системасынан төртөө Киевге жиберилерин айткан.
Тема боюнча:
Жаңы Каховкага урулган сокку: күчөгөн өрт, кайталанган жарылуу. Видео