Даңкана минген Атан менен жаман чалдын кармашы. Ошол замат Атан алачык үйдөн чоюн башын колго алып, ары бир күүлөп, бери бир күүлөп, алтын калканды колго алып, көпкөк темир кийимдерин кийинип, токсон кулач найзасын көтөрүп, Көкө теңир менен Азезилге жалынып Даңкана атына шап минди. Анын күркүрөгөн доошунан тоодогу таштар кулап, токойдогу жандыктар үрктү. Бери жыла бергенде Атан дөөнүн сүрүнө чыдабай аскерлер тең бөлүнүп жолун ачты. Ортодон бир бүжүргөн, көкүрөгү кирилдеген, көзүнөн ириңдеп жашы тынбай аккан жаман чал чыга келди. Асмандан түштүбү, жерден чыктыбы, билген жан жок. Туруп калганын эле көрдү көпчүлүк. Өлүмгө баш байлаган бул чалды бул жерге ким алып келди деп Атан да таң кылды. Абышка болсо "кет десе болбой кедейип, жүр десе болбой жүгүрүп" туруп алды. Муну карап туруп Атан "жоодо өлбөсүн, колдо өлсүн, жонунан кармап алайын" деп ойлоп атканда бул карынын аяр экенин билип Даңкана жаныбар кошкуруп үркүп, чалга жакындабай, кетенчиктеп чирене ой-буйга түштү. Атынын бул кылыгына Атандын жаны чыгып, соорусуна камчысы менен басып-басып калды эле, эти ачышкан жылкы баласы тиги чалга тайсалдай барды. Аттуу Атан жөө чалды далыдан алды эле, жаман чал Атанды белден жапшыра кармап, далбайтып аттан ыргытты, анан барып айт-уйт дегенче, ачып көзү жумганча чала бышкан коондой башын жулуп салды. Муну көрүп турган жамагат бул абышка адамбы же жин беле, адам эмес дөө окшойт, Атандын башын кантип жулуп алды, муну билгенде талкан эмес, таш жеген бул чалды бая эле беттеше электе өлтүрүп койбойт белек деп аттиң кылып турушту.
Эки колдун бетме-бет келиши. Ошол кезде Кулус, Соорун элдери кудай урду бизди деп, Орго кандын алдына келди. Оргосу болсо баягы эле кебин айтат: "Балбандар күрсү алыңар, баатырлар найза салыңар, камбылдар кылыч чабыңар, кайраттууң жөнө баарыңар, саадакчың жаа тартыңар, чаң созулсун артыңар, ай балта, канжар алыңар, минтип бирден өлбөстөн, аламан уруш салыңар, акыры жанга бир өлүм, арманы жок калыңар". Каны мындай дегенде урушка чакырган барабан дүрсүлдөп, керней тартылып, үч жүз миң кол бирдей жапырып, Орго каны баш болуп айгайлаган чуу менен, бирин-бири сүрөгөн дуу менен аламан урушка кирди. Аларды каршысында Манас төрөнүн төрт жүз миң колу кыргый канат болуп жапырып келет. Кыйкырып бир жагында Кыргыл чал жүрөт, акыл калчап, миң толгонуп бир жагында кыраан Бакай каны жүрөт, кылычын күнгө жаркылдатып, алдыларынан арстан чыкса алдырбас, эчен урушка бышып как болгон, аламан десе шат болгон кырк чоро жүрөт. Бир заматта аалам астын-үстүн болуп, эки жактан эр-жигиттер "Айкырып найза салышты, аралашып калышты, арманы жок салышты, аркы-терки чабышты, замбирек үнү күркүрөп, кокус найза тийгендин койнуна каны бүркүрөп, калкандар сынды быркырап, кан төгүлдү шыркырап, жебенин огу кыркырап, мылтыктын огу чыркырап, жер титиреп күңгүрөп, кулак тунду дүңгүрөп". Эки жаат чабышып, эки суунун арасы, Тасманын сыры талаасы өлүккө толду, азууларын аркайтып аттар жатат суналып, муруттарын чычайтып эрлер жатат. Азыр эле бар болгондор, азыр эле жок болду. Ага болбой кытайлар чабуулга кирет "таа-таалап", калмактар кирет жаа-жаалап, "мөндү, мөндү, мөндү" деп, "жабуу-жабуу-жабуулап". Кыргыздар жүрөт "Манастап", ат теминип далактап, колдо жарак шалактап. Буту буралып сынган мындан көп, боору менен суналып жылган андан көп, топодо жыландай сойлоп жаткандар бар эсепсиз, ушул сары талаада сөөгүбүз карга-кузгунга жем болуп көмүлбөй калабызбы деп жанынан сарсанаа болгон сансыз көп. "Кылыч тийип колуна чолойгону дагы бар, шыпыра чаап кулагын молойгону дагы бар, найза тийип көзүнө олойгону дагы бар, чоюн баш тийип мурдуна былчыйганы дагы бар, союл тийип ууртуна, чулчуйганы дагы бар, ай балта тийип кашына алжайганы дагы бар". Шашкеде башталган уруш түш оодарды. Бөлүнүп жаткан найзадан, сабы сынган ай балтадан, кыны жок кылычтан адамдар аттап баса албайт. Аларды олжо кылып терип алар кишилердин шайы жок. Кимди ким көрдү: бир убакта эсин жыйып карашса, Манас көкжалың Орго канды сайыптыр, жаны чыгып Орго кан акыретке барыптыр. Эштектин уулу Жамгырчы эр экенин билдирип көпкө чейин беттешип, Эр Кейменди жеңиптир, эңкейтип туруп эренди башын шылый бериптир. Бакайдын ал кезде күч-кубаты толуп турган маалы экен, Илебин деген канына жаасын туштап атыптыр, как жүрөгүн мыжыгып, кан Илебин келбес жайга кайтыптыр, арманын угар киши жок, кыямат көздөй шашыптыр. Кыргыз менен казактар душмандын колун туш-туштан жиреп бөлүптүр, бөлүп туруп, чачыратып урушка салыптыр. Кеч кирип, караңгы болордо кандары жок калмак менен кытайлар артына дүрбөп кайтыптыр.
Туу жыгылды, кан өлдү. Көз байланды, кеч болду. Калмак менен кытайдын калың колу чачылып, отуздан-кырктан топтошуп, бири-бирин жүрдү жоктошуп. Жыбырап жылдыз толгондо, эл жатар маал болгондо өлгөнү жаткан жеринен эптеп туруп "тирилип", тирүү экени билинип, келип аткан андан көп. Аскерлерди карасаң, бирөөсүнө ок тийген, бирөөсүнө замбирек аткан топ тийген, бирөөсүнүн жонуна найза тийген, ошол найза бирөөсүнүн соотун кошо талкалап, соорусуна кирген. Анан мунун баарын көрүшүп, онтогону онтоптур, биринин жаратын бири таңыптыр. "Жараттын оозун буушуп, урушка минген аттарын таң ашырып суутуп, урушка кийген тондорунун каткан канын жуушуп, соолору тынчтык алыптыр, созулуп уктап калыптыр". Таң атырды эптешип. Каруу-жарак колго алып, кайра майданга кирмек болушту. Бири үшү кетип уруштан ордунан тура албайт, бири сынган колун таңдырып жүрөт, бири чыккан колун колтугунан көтөртүп чоюп жүрөт. Дагы бирлери өлгөндөрдү көтөрүп барып, өзөн боюнан жердин бетин жемире чаап оюшуп, кызыл ала кийими менен көөмп жүрөт. Жаралуулардын "сом жеринде ок бар деп тинтүүр менен копшутуп, ок жуткуруп окшутуп, кустурма берип кустуруп, жүрөктөгү кара кан оржемил берип буздуруп, буту-колу сынганга момия дары издешип" табып болуп кеткендер андан көп. Кызып калган кыргыздар "кыйрап калды мизи деп кылычын кайрап миздешип, кызыталак кытайга кыңкайбайлык биз дешип, ай балтасын сапташып, найзанын баарын тапташып. мылтыктын баарын майлашып" урушка даярданып атышат.
Көрсө, урушар жоосу калбаптыр. Түн бою түмөн кол жан аманын көздөшүп, туш-тушка качып жөнөптүр. Орго кандын зайыбы Санамкүл эки уулун алып, бири-бирине окшош он ат менен наапа арабадан ордодон чыгып кетиптир. Орго канга увазир, насили казак, улуу жүз, Ыраман деген увазир аларга башчы болуп качыптыр. Ырамандын баласы, Кызыл-Сууда калаасы, ырчылык жайы бар Каратай да атасына жардамдашып жүрөт. Ошол кезде Шер Манас Жыргалаңдын боюнда, Жылуу-Суунун оюнда жеңишине шерденип жыргап жаткан убагы экен. Жерге жарык кирерде, супа саадак чалганда, таң эми саргарып калганда наапа араба жүктөрү менен анын жанына келди. Арабада кызыл кымкап, тубар бар, кымбат баа пулдар бар, сандыкта алтын зери бар. Бул баатырга келген тартуу экен. Тартуу алып келген Санамкүл туруп кеп айтат, Манастан сүрдөбөй мындай деп айтат: "Өлтүрсөң мына турупмун, өтүнүп көп сураймын, эки уулумдун жанын". Ошондо Манас ийилет, Оргодон алар кегин унутат. Балдардын амандыгын тилейт, калаасынын бузулбашына кепил болот, бир гана Ырамандын баласын өзү тарапка сурап алат. Санамкүл менен Ырамандын санаасы тынды. Калаасына кайтты. Ырамандын уулу Каратайга таажы кийгизип беш миң үйлүү элге бек кылып дайындады. Акылы даана, сөзү курч "Ырамандын Ырчы уулу, ычкыры бапик кыр муун, тебетейи чоктуу кул, айтарга сөзү шоктуу кул, кылабына толгондо кырк чоронун бири бул" ошентип Манастын барманы менен эл башкарып калат.
Жаңы согушка үндөө. Орго канды жеңген соң анын тартуусун алгандан кийин дагы бир жыйын болот. Ага маңгул да, баатыр Жайсаң даңгыл да, Күлдүрдүн уулу Чалыбай, Дөгөн кары, Манжуруя журтунан Мажик баатыр, андан башка алтайлыктын баары, алчын, үйшүн, наймандар, аргын Каракожо, абактардан Айдаркан баатыр, кыргыздардан Байжигит, кыпчактардан Таз чечен, Ногой уулу эр Эштек, нойгуттардын Чубагы, тотулардан Саламат, өзүбектен Дамбылда, өткүр баатыр Абдылда, набаттардан Акынбек, анжиандык Акылбек, каракалпак Бердике, Каңгайдан келген Келдике, Агыдай менен Төлөнбек, Бегиш, Көйүш аяры, Даңгыттан келген Кайып кан, Дагалактын Мунары катышат. Жыйында акыл калчап Арстан Манас баатыр өзү жүрөт, жанында Айдаркандын Көкчөсү, абакеси Бакайы, дөөлөстүн Медер султаны, Төбө бийдин Кулжаны акыл кептерин айтат. Алардын баары жеңишке шерденип, Манасты тегеректеп, эми сенин жооң Акунбешим пааша дейт, атышар жооң ошо дейт, ал бизге душмандык кылды дейт. Ошондо Манас аскерлеринин көбүнө бүлүк салганын, үйүнөн алыс жүргүзгөнүн айтат, мени самап калды Чүйдү деп жаман көрбөгүлө, Акунбешим паашаны арзып турам дейт. Баатыр айтып атса ким эмне демек? Айдаркан уулу эр Көкчө ордунан тура калып "Бу турган Булагасынга барбайт деген эмине" деп ортону кызытат. Баары найзаларын көккө көтөрөт, урушка чыгууга даяр экенин билдирет.
Акунбешимге каршы жолго чыгуу. Камбардын уулу Айдаркан атадан калган туусун аштап, жүз элүү миң колун баштап биринчи болуп жолго чыкты. Эр Көкчө Каркыра басып, Кызыл-Кыя, Чабдар, Чарын жол менен жүз элүү миң кол менен ал да жөнөдү. Кыраан Бакай менен Кыргыл чал жол баштап, аргымак аттарын алкынтып, Түптөн кечип жол менен, тууну тууга урдуруп, чаңды обого бурдуруп, сурнай кулак тундуруп, Манас баатырдын колу баратат. Жүз элүү миң кол менен Үрбү баатыр бөлүндү, анын колу сан жеткистей көрүндү...