Коронавирус Кыргызстанда баш көтөрдү. Ооругандардын көбү Бишкекте

Акыркы суткада өлкөдө жалпы 14 адамдан COVID аныкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Республикалык штаб Кыргызстанда коронавирус кайрадан баш көтөрө баштаганын маалымдады.
"Өлкөнүн бардык облустары жашыл зонада. Бирок оору жуктургандардын саны акыркы жумада көбөйө баштаганы байкалууда", — деп айтылат маалыматта.
Акыркы суткада өлкөдө жалпы 14 адамдан COVID аныкталган. Анын баары Бишкек шаарында. Бейтаптардын бирөө ооруканада дарыланып жатса, 13ү медициналык жардамды амбулатордук шартта алууда. Илдет илештиргендердин ичинен экөө гана эки ирет вакцина сайдырганы айтылды.
Ооругандардын жаш курагы:
18-29 жаш – 3;
30-64 жаш – 9;
65 жаштан жогоркулар – 2.
Пандемия башталгандан бери өлкөдө жалпы 201 215 адам коронавирус жуктурган.
Илдеттин кесепетинен каза болгондор 1,5 пайызды түзөт.
Республикалык штаб ПЦР-тест тууралуу маанилүү маалымат таратты