Россиялык артиллерия "Краснополь", "Китолов" жана "Грань" ок-дарылары менен душман жайгашкан жерлерди жана объектилерин таамай жок кылып жатканын белгилейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко. Автордун бул жолку макаласы россиялык артиллерияга арналган.
РФ Куралдуу күчтөрү Донбасстагы согуштук аракеттердин жүрүшүндө 30, 13 жана 9 чакырым аралыкты багындыра алчу "Краснополь", "Китолов" таамай артиллериялык дүрмөттөрүн жана тескелүүчү "Грань" миналарын натыйжалуу пайдаланууда. Күч түзүмдөрүндөгү булагыбыздын маалыматы боюнча, атайын аскердик операцияда булар Украина Куралдуу күчтөрүнүн дзоттору, ок атылган түйүндөрү жана ок өтпөс техникасын таамай жок кылуу үчүн негизги ок-дарылардан болууда.
РФ Коргоо министрлиги Украина Куралдуу күчтөрүнүн ар кыл аскердик объектилерин "Краснополь" менен жок кылууну көзөмөлдөгөн кадрларды бир нече ирет коомчулукка көрсөткөн. Тасмалардын биринде НАТОлук DANA өзү жүрүүчү артиллериясы соккудан быт-чыты чыгып талкаланганы көрүнөт. Коомчулукка баары эле ачыктала бербегени менен душмандын объектилерине күн сайын сокку урулат.
"Краснополь", "Китолов" жана "Грань" жарым активдүү лазердик мээлөө тутумдарынын эң майнаптуулары менен жабдылып, "Орлан" тибиндеги учкучсуз учуучу аппараттын бортуна орнотулган оптикалык лазердик бута көрсөткүч менен интеграцияда иштейт. Дүрмөт объектисине учуп баратканда аэродинамикалык руль менен түзөтүлөт. Аталган таамай ок-дарылардан абадан коргонуу же радиоэлектрондук күрөш каражаттары менен сактануу дээрлик мүмкүн эмес.
Excalibur тибиндеги НАТОлук аналогдорунан айырмаланып россиялык тескелүүчү дүрмөттөр жер жана суу бетиндеги кыймылдагы буталарын (саатына 36 чакырым) таамай жок кылат. НАТОлук дүрмөттөрдүн спутник аркылуу мээлөөчү системасы полициялык милдеттерди гана аткара алат. Ал эми радиоэлектрондук каршылык көрсөтүү шартында буталарды талкалоого кудуретсиз. Excalibur атылганда ок позициясын тез өзгөртө албайт.
Майда-фугастык таамай дүрмөттөрдүн аскердик пайдалануу технологиясы Сириядагы россиялык аскердик операциянын жүрүшүндө ийгиликтүү сыналып, 2018-жылдын башында "Краснополдун" соккусу менен террорчулар Хмеймим авиабазасына чабуул коюуга пайдаланган учкучсуздар кампасы жок кылынган.
Ошондой эле "Краснополь" НАТОнун көп улуттук күчтөрү кызмат өтөгөн Афганистанда байкалып, россиялык дүрмөттөр согушкерлерге каршы пайдаланылган. 60 чакырымга чейинки аралыктан жабырката алчу M982 Excalibur дүрмөтүнө ээлик кылган канадалык артиллеристтер 155 миллиметрлик калибрдеги экспорттук "Краснополдун" кыйла таамайлыгына күбө болушкан.
Мындай натыйжалуу ок-дарыны колдонуу операциянын узактыгын эки-үч эсеге кыскартып, артиллериялык түзүлүштөрдү тартуунун санын да азайтып, коюлган тапшырманы аткаруу чыгымын да төмөндөтөт.
"Краснополь" 96 пайызга кепилдик берип, кокус тайып кетсе да 2 метрден ашпайт. Эсептик таблицага ылайык, таяныч бекетин жок кылуу үчүн кадимки артиллериялык дүрмөттөн 800 даана керектелсе, "Краснополдон" бул милдетти аткаруу үчүн 10 бирдик гана жетиштүү. Анын жакшыртылган модификациясы – "Краснополь-М2" бутасын 30 чакырымга чейинки аралыктан талкалайт. Ок бөлүгү 26 килограммга чейин, ал эми жардыргыч заттын салмагы 11 килограммдын тегерегинде.
Америкалык өндүрүштөгү учушту спутник аркылуу түзөтүү Excalibur дүрмөтүнө 92 пайыздан ашпаган натыйжалуулукту гана камсыздайт. Ал бутасынан 10 метрге чейин, ал эми радиоэлектрондук күрөш каражаттары менен каршылык көрсөтүлсө 20 метрге чейин тайып кетет. НАТОлук бирдиктин дагы бир кемчилиги – дүрмөттүн жогорку баасы. Бир даанасынын наркы 70 миң доллардын тегерегинде. Ал эми ага жараша натыйжалуулугу жагынан россиялык ок-дарыларга караандай албайт. Россия армиясы таамай артиллериялык ок үчүн 122 мм калибрдеги (өзү жүрүүчү "Гвоздика") жана 120 мм калибрдеги ("Нона" жана "Нона-СВК") "Китолов" майда-фугастык дүрмөттөрдү да пайдаланат.
13 500 метрге чейинки аралыкка ылайыкталган анын кыйла жакшыртылган "Китолов-2М" модификациясы ок өтпөс техниканы, фортификациялык чыңдоолор, кечүү жана көпүрөлөр, транспорттук жана десанттык кемелерди (катерлер) жок кыла алат.
Ок-дарылар РФ Аба-десанттык күчтөрүнүн артиллериялык бөлүктөрүнүн арсеналында бар. Дүрмөттүн салмагы – 28 кг, ал эми жардыргыч 5 килограммдан ашат. "Чакан, бирок чапчаң" деген кеп ушул бирдиктерге куп жарашат. Артиллериялык дүрмөттөрдөн сырткары, "Китоловдун" технологиялык базасында КМ-8 "Грань" тескелүүчү миналары бар. 120 мм минометтордон ыргытууга багытталган. Буталарын 9 чакырымга чейинки аралыктан жабырката алат. Минометтор үчүн бул – эң жогорку көрсөткүч.
Таамай ок-дарылардын бүтүндөй топтому үчүн ок атуунун жүгүн көтөрө алчу электрониканы жасоо оңойго турбаганы айдан ачык. Аны технологиялык жактан жакшыртуу дагы уланып келет. Буталарды заманбап артиллериялык ок-дары менен жабыркатуу үчүн мурункудай эле координаттар талап кылынат. Лазердик жарыгы бутасына тиерде дүрмөттүн траекториясын түзөтүүгө көмөкчү болот. Ошондуктан согуш талаасында чалгындоочу техникалык каражаттардын жана "жарыгынын" ролу улам жогорулап барат.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.