БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Картаюу — ар бир тирүү жан кыйгап өтө албаган процесс, бирок туура тамактануу менен аны жайлатууга болот. Мындай пикирин "Прайм" агенттигине терапевт, диетолог дарыгер Елена Тихомирова билдирип, бир катар кеңештерин берген.
Адамдын картаюусун эртелеткен азыктарга таттуу тамактар жана тез активдешкен углеводдор кире турганын айткан. Алар канга тез аралашып, инсулиндин деңгээлин көтөрүп жиберип, организмге терс таасирин тийгизет. Андан сырткары, туздуу азыктар менен ичимдиктен алыс болууну эскерткен.
Жаштыгын сактагысы келгендер үйдө жасалган тамакка басым коюшу керектиги айтылат. Себеби ашкана менен ресторандарда азыктын даамын арттыруучу кошулмалар жана туз көп болорун белгилеген.
"Туура тамактануу эрежелерин сактап, сууну арбыныраак ичип, кара жумушту жасап же көп кыймылдаш керек. Андан сырткары, өз убагында уктоо жана уйкунун канышы да абдан маанилүү. Ушуларды карманган киши тез картайбайт", — деген Тихомирова.