БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Жемишти көп жесе салмак кошула турганын Sputnik радиосуна диетолог, гастроэнтеролог Нурия Дианова айтып берди.
"Жер-жемишти нормадан ашыкча колдонуу боорго күч келтирет, ичеги-карындын иштешин бузуп, ичти көптүрөт", — деди Дианова.
Анын айтымында, жемиштин бир жолку порциясы аялдар үчүн 150-200 грамм, эркектер үчүн 200-250 грамм болушу керек.
Диетолог жеген тамактын жарымын жашылча жана жемиштер түзүшү керектигин айтты.
Адис ошондой эле жемиштер кандагы канттын деңгээлин көтөрүп жибериши мүмкүн экенин белгилеп, мындан улам рационго сыр менен быштакты кошууга кеңеш берди.