Базардан алсаңар тышын аарчыгыла. Адис бадыраңдын пайда-зыянын айтты

Адистин айтымында, жер семирткичке айдалган жашылчаларда нитрат менен химиялык заттар болгондуктан тышын аарчып салган жакшы.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Бадыраңдын пайдалуу жактары жана аны туура колдонуу тууралуу Sputnik радиосуна диетолог, фитотерапевт Анжелика Дюваль айтып берди.
Ал белгилегендей, бадыраң калийге бай. Ал организмден ашыкча сууну чыгарууга жардам берет. Бадыраңдын ширеси гипертония менен жабыркагандарга кан басымды нормага келтирүүгө жардам берет.
"Минералдык сууга бадыраңдын ширесин, жалбызды жана апельсинди кошуп лимонад жасаса болот. Бул кан басымды ылдыйлатып, суусоону да кандырат", — деген Дюваль.
Диетолог билдиргендей, дүкөндөрдө сатылган жашылчаларда зыяндуу заттар болушу мүмкүн. Андыктан сыртын аарчыш керек.
"Жер семирткичке айдалган жашылчаларда нитрат менен химиялык заттар болгондуктан тышын аарчып салган жакшы", — деди Дюваль.
Мындан сырткары, туздалган бадыраңды көп жебеш керек, бөтөнчө кечки тамактан алып салган оң. Андагы натрий организмде сууну кармап, шишикке жана кан басымдын жогорулашына алып келет.
Адис химикат кошулуп өстүрүлбөгөн жашылчалар ден соолукка пайдалуу экенин кошумчалады. Ошондой эле сугарган суудан, анын курамындагы минералдардан да көз каранды.
Бөйрөгү ооруган адамдар кандай тамактанышы керек? Диетологдун кеңеши