"Манас айылын" жаңылоо сынагына 14 долбоор сунушталды. Эскиздердин видеосу

Эскиздердин көргөзмөсү уюштурулду, каалоочулар барып жеринен таанышса болот.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. "Манас айылы" этнографиялык комплексин реконструкциялоонун эскиздик долбоорун иштеп чыгууга жарыяланган сынак аяктады. Бул тууралуу "Бишкек башкы архитектура" мамлекеттик мекемеси билдирди.
Маалыматка караганда, эскиздик долбоорду кабыл алуу 5-июлда аяктап, конкурска катышуу үчүн 14 табыштама түшкөн.
"Бишкек башкы архитектура" мекемесинин конференц-залында конкурстук иштерди көрүү үчүн ачык көргөзмө уюштурулган. Каалоочулар барып долбоорлор менен таанышса болот.
Эскиздер коомдук талкууга 7-июлга чейин коюлат, ал эми жыйынтыкты калыстар тобу 8-июлда чыгарары пландалууда. Жеңүүчүлөргө каралган байге фонду 3 миллион сомдун тегерегинде.
Белгилей кетсек, буга чейин "Манас айылын" жаңылоо боюнча эскизи жарыяланып, аны менен президент Садыр Жапаров таанышкан. Бирок андан кийин белгисиз себептерден улам долбоорду иштеп чыгууга сынак жарыяланган.
"Манас айылынын" жери эмне үчүн алынып жатканы айтылды