Күйүп калган адамга алгач кандай жардам көрсөтүү керек? Медиктин кеңеши

Турсалиев күйүккө эмнеге тиш пастасын, томат пастасын же ылай сүйкөбөш керектигин түшүндүрдү.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Комбустиолог Темир Турсалиев күйгөн адамга эң биринчи кандай жардам көрсөтүү керектигин айтты.
Дарыгер эң алгач жараатты муздатууга аракет көрүү зарылдыгын белгилеген.
"Эң жөнөкөй жолу — муздак суу. Мисалы, сүлгүнү муздак сууга салып туруп жараатты таңса анча тереңдеп кетпейт. Күйүк учурунда организмден суюктук көп кетет, мындан улам күйгөн адамдын каны коюуланып, оор жагдай жаралат. Муну биз "плазма жоготуу" деп коёбуз. Жараат канчалык чоң болсо, кан ошончолук коюуланат. Биринчи жардам көрсөткөн соң бейтапты дароо ооруканага жеткирген оң. Эгер алыскы райондо болсо, телефон аркылуу да консультация беребиз", — деген ал.
Турсалиев күйүккө эмнеге тиш пастасын, томат пастасын же ылай сүйкөбөш керектигин да түшүндүрдү.
"Ооруканага келгенде жарааттын канчалык деңгээлде оор экени ачык көрүнөт. Ар кандай томат пасталарын же башка заттарды сүйкөп келгенде дарылоо жагын так болжой албай кыйналабыз. Анткени жарааттын тереңдиги, өңү билинбей калат. Айла жок жууп салууга туура келет. Мында микроб кирип кетиши да мүмкүн", — деген комбустиолог.
Медиктин маегин толугу менен Sputnik Кыргызстан агенттигинен окуй аласыздар.
Радио
Өмүрбеков: идиш жууган каражатка кызыл өңгөчү күйгөн балдар көбөйүүдө