Жапаров Мирзиёев менен сүйлөшүп, өлкөдөгү окуяга тынчсыздануусун билдирди

Жапаров Өзбекстандагы конституциялык реформалар туруктуулуктун пайдубалы болоруна ишеним артты.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.
Анда Жапаров кыргыз тарап Өзбекстанда болуп жаткан окуяларды абдан тынчсыздануу менен кабыл алганын белгилеген. Ал эми Мирзиёев чечкиндүү жана макулдашылган аракеттердин аркасында Каракалпакстандагы кырдаалды турукташтыруу жана мындан ары курчушуна жол бербөө мүмкүн болгонун айткан.
"Өзбекстандагы конституциялык реформалардын жыйынтыктары туруктуулукту камсыз кылуу үчүн бекем пайдубал түзөрүнө жана өлкөнүн узак мөөнөттүү стратегияларын ишке ашыруунун ишенимдүү кепилдиги болуп кызмат кыларына ишеним артам", — деп айткан Жапаров.
Ошондой эле сүйлөшүүдө кыргыз-өзбек достук, ынак коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин мындан ары чыңдоонун актуалдуу маселелери талкууланган.
Өзбекстан парламенти Каракалпакстандын суверендүүлүгүн сактоо чечимине келди