Психолог Жумабеков: стресс болбош үчүн көп нерсе күтпөш керек

Адис жашоодо адам ойлоп жаткан нерсе менен реалдуу көрүнүш дал келбей каларын, анын негизинде стресс жарала турганын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Психолог Бейшен Жумабеков стресстин келип чыгуу себептерин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине айтып берди.
Ал стресс деген түшүнүктүн өзүн да жеңил кабыл алууга чакырды.
"Биз стресстен кача албайбыз. Бул күнүмдүк аба ырайы же жашоонун бир бөлүгү сыяктуу. Анткени кээде биздин каалаганыбыз башка, ал эми жеткен нерсебиз башка болуп калат. Ошонун ортосундагы нерсе — стресс. Стресс болбош үчүн бир нерселерди алдын ала күтүп, кыялданып же чоң нерселерди элестетип албаш керек", — деди адис.
Психолог стресстен оолак болуу үчүн эмгектенүүгө кеңеш берди.
"Кишинин эс алганга гана убактысы болушу керек. Калган кезде эмгектенгени, кыймылда болгону жакшы. Жадагалса карыганда да эмгектенген оң", — деп кеңеш берди психолог.
Бейшен Жумабековдун маегин толугу менен Sputnik даярдаган видеоматериалдан көрө аласыздар.
Психолог: ызы-чуусу көп коңшулар ден соолукка залакасын тийгизиши мүмкүн