Садыр Жапаров "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" мыйзамга кол койду

Мыйзамда ЭКБ боюнча мамлекеттик саясаттын негизги принциптери жана аны пайдаланууга байланышкан мамилелерди жөнгө салуу боюнча айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө (ЭКБ) мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.
ЭКБди Кыргызстанда тезинен өнүктүрүү электр кубатынын тартыштыгы, иштелип чыккан энергияны республиканын экономикалык жактан өнүгүшүнө жана отун теңдемине кошуу менен шартталганы айтылган.
"Бүгүнкү күндө ЭКБдин негизинде энергетикалык кубаттуулукту өндүрүүнүн ири жана чакан объектилеринде дагы жаңы кубаттуулукту киргизүүнүн чоң көйгөйү турат. ЭКБди колдонуунун жаңы технологиялары айлана-чөйрөгө жана адамдын ден соолугуна кесепетин азайтуу, ар түрдүү категориядагы керектөөчүлөргө кымбат эмес, туруктуу жана заманбап булактарды жалпы алуу мүмкүнчүлүгүн ачуу менен атаандаштык энергия жабдууну камсыздай алат. Бул Кыргызстандын БУУнун туруктуу өнүктүрүү жаатындагы максаттарына жетүү боюнча милдеттеринин бири", — деп айтылган маалыматта.
Сунуш кылынган мыйзам төмөнкүлөрдү камтыйт:
ЭКБди пайдаланууга байланышкан мамилелерди жөнгө салуу;
ЭКБ жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптери;
ЭКБ жаатындагы экономикалык жана уюштуруучулук-укуктук механизмдер.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2022-жылдын 16-июнунда кабыл алынган.
Садыр Жапаров Камбар-Ата-1 ГЭСинин кандай пайда алып келерин түшүндүрдү