Арыктоого жардам берчү үч негизги витамин айтылды

Салмак таштоого биринчи кезекте D витамини көмөктөшөт. Бул витамин жетишпесе активдүүлүк азаят, маанай түшөт жана сексуалдык каалоо төмөндөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Дарыгер-терапевт, диетолог Елена Тихомирова арыктоодо маанилүү роль ойногон үч негизги витаминди санап берди. Бул тууралуу "Известия" жазды.
Анын айтымында, салмак таштоого биринчи кезекте D витамини, андан кийин B жана С витаминдери көмөктөшөт.
"D витамини аял менен эркектин жыныс гормондорун иштеп чыгууга жана организмде зат алмашуу процесстерин тездетүүгө катышат. Бул витамин жетишпесе активдүүлүк азаят, маанай түшөт жана сексуалдык каалоо төмөндөйт. Ошол эле учурда тамакка табит күчөйт. Мунун баары арыктоого терс таасирин тийгизет", — деген ал.
Ал эми B витамини машыгуу учурунда майды кетирүүгө жардам берет. Андыктан спорт менен алектенгендер күн сайын бул витаминди алып турушу керек.
Мындан сырткары, арыктоодо С витамининин касиети зор. Ал иштеп чыккан коллаген салмак таштоого гана жардам бербестен, терини жылмакай кылып бырыш да түшүрбөйт.
Кайсы витамин организмде ашыкча болсо зыяны тиет? Адистин жообу