Президент Садыр Жапаров неберелүү болду

2019-жылы экинчи уулу Рустам үйлөнүп, ата-энесин келиндүү кылган.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров неберелүү болду. Кабарды мамлекет башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев тастыктады.
Анын айтымында, бир ай мурда президенттин экинчи небере кызы жарык дүйнөгө келип, бир нече күндөн кийин эле уул неберелүү болгон.
Белгилей кетсек, Садыр Жапаров менен Айгүл Жапарова Дастан, Рустам, Ринат, Нурдөөлөт жана Жанайым аттуу уул-кыздарды өстүргөн. Эң чоң уулу Дастан жол кырсыгынан каза болуп калган.
2019-жылы экинчи уулу Рустам үйлөнүп, ата-энесин келиндүү кылган. Бир жылдан кийин жубайлар Саара аттуу кыздуу болушкан. Быйыл жакында эле Рустамдын экинчи кызы төрөлүп, ал эми Ринат уулдуу болуп отурат.
Шайлоого катышкан. Канайым Айгүл Асанбаева тууралуу кызыктуу фактылар