Министрлик: кытайлык компания "Коопсуз шаардын" экинчи этабын ишке ашырган жок

Долбоордун биринчи этабы ийгиликтүү болгон, "Коопсуз шаардын" камералары штаттык режимде иштеп, мыйзам бузууларды каттап жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабына жооптуу болгон кытайлык компания аны өз убагында ишке ашыра алган жок. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Индира Шаршенова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып айтты.
Ал долбоордун биринчи этабы ийгиликтүү болгонун, "Коопсуз шаар" камералары штаттык режимде иштеп, мыйзам бузууларды каттап жатканын билдирди.
"Долбоордун экинчи этабына жооптуу болгон кытайлык компания аны өз убагында ишке ашыра алган жок. Келишимдерде көрсөтүлгөн мөөнөттөр өтүп кетти. Азыр соттук териштирүүлөр жүрүп жатат. Эми соттун чечимин күтүп жатабыз", - деди министрдин орун басары.
Анын айтымында, Carcheck электрондук системасы да штаттык режимде иштеп жатат.
Шаршенова белгилегендей, айрым учурда гана сайттын серверинде бир аз көйгөйлөр жаралып калууда. Анткени аны менен эки ведомство (Санариптик өнүктүрүү министрлиги жана Ички иштер министрлиги) иш алып барат. Бирок мындай көйгөйлөр тез эле чечилет.
Радио
Айып пул төлөбөгөн айдоочулар чет өлкөгө чыга албайбы? Юристтин түшүндүрмөсү