БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Кыргызгидромет апта этегиндеги эки күнгө карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.
Билдирмеге караганда, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым аймактарда 1, 4 жана 5-июль күндөрү 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Чүй, Талас облустары
2-3-июлда эки облустун тең көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы Чүйдө дагы, Таласта дагы эң ысык болгондо 31…36 градуска жетет.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары
Дем алыш күндөрү өлкөнүн түштүк аймагында күн ачык болот. Абанын температурасы үч облуста тең күндүз 36…38 градуска жетет. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 30-июнда күндүз, 1 жана 4-июлда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлүүдө.
Нарын облусу
Облус аймагында 2-3-июлда күн ачык болот. Күндүз +29...+31 градуска чейин жетет.
Ысык-Көл облусу
2-июлда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз кээ бир райондордо, өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. 3-июлда түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз 26…31 градуска чейин ысыйт.