БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Жашы жете электерге карата жасалган кылмыштардын саны эки эсеге көбөйдү. Бул тууралуу ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Нуржан Адылова билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Ички иштер министрлиги балдарга каршы кылмыштар жана суудагы кырсыктар тууралуу" аталышындагы брифингге катышкан.
"Сексуалдык мүнөздөгү зомбулукка келсек, бейтааныш адамдар тарабынан зордукталды деп айтылганы менен статистикага таянсак, көпчүлүгү туугандары жана жакындары тарабынан кордолгон болот", — деди Адылова.
Ошондой эле ал статистикалык маалыматтарды кошумчалады.
"Жашы жете элек өспүрүмдөр тарабынан жасалган кылмыштарды ала турган болсок, өткөн жылдын беш айында 200дөн ашык факт катталса, быйылкы жылдын ушул эле мезгилинде 150дөн ашты, башкача айтканда, азайган. Балдарга карата зомбулук (сексуалдык гана эмес), тилекке каршы, көбөйүп баратат. Былтыр 250дөн ашык факт катталса, быйыл 500дөн ашты", — деди ал.
Андан ары ИИМдин бөлүм башчысы кененирээк маалымат берди:
киши өлтүрүү — бул жылы болгон эмес / өткөн жылы 2 факт;
ден соолукка залал келтирүү — 16/1;
зордуктоо — 20/9;
асылуу — 7/2;
сексуалдык аракеттерге мажбурлоо — 1/2.
Адылова белгилегендей, өгөй аталар тарабынан асылуулар көп болот. Анткени энелер кыздарга көп нерсени түшүндүрбөйт. Ошондуктан өспүрүмдө эркек тарабынан асылуу жана катаал мамиле кандай болору тууралуу түшүнүк жок.
Мындан тышкары, аймактардан кыздар шаарга келип, чоң кишилер аларды өз үйүнө түнөп кетүүгө чакырган учурлар болот.
"Ата-энелер балдарына бул кооптуу экенин, чоочун адамдар менен аралыкты сактоо керектигин айтышпайт", — деди башчы.
Ал эми Милиционер айымдардын ассоциациясынын төрайымы, ИИМдин коомдук кеңешинин төрагасынын орун басары Каана Айдаркул сексуалдык зомбулук фактыларынын көбөйүшүнө бул нерсе мурда жабык тема болуп келгени себепкер экенин кошумчалады.