Милиция Ысык-Көлдөгү пансионатта чыккан мушташтын себебин айтты

Буга чейин 18 адамдын кармалганы маалым болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун милициясы Сары-Ой айылындагы пансионаттын аймагындагы мушташ эмнеден улам чыкканын билдирди.
Облустун ички иштер башкармалыгы окуя президент Садыр Жапаровдун Ысык-Көлдүн тургундары пляжга тоскоолдуксуз кире ала тургандыгы боюнча жарлыгына тиешелүү эмес экенин белгиледи.
Кармалгандардын биринин көрсөтмөсү боюнча, алардын арасындагы бирөө башкаларын пансионаттын пляжында сыйлап жаткан.
"Коноктордун бири көлгө жакын жерге барып заара ушатканда коопсуздук кызматынын өкүлү ага эскертүү берген. Натыйжада тараптар кайым айтыша кетип, мушташканга чейин барышкан", — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин соцтармакка окуянын видеосу тараган. Жаштар пансионаттын коопсуздук кызматынын өкүлдөрү менен мушташа кеткени кабарланып, тартип сакчылар 18 адамды кармаган болчу. Алардын бирөө Жалал-Абад облусунун, үчөө Чолпон-Атанын, калгандары Сары-Ой айылынын тургундары экени аныкталды.
Эки тестиер аёосуз мушташкан видео. Баткен милициясы түшүндүрмө берди