Эртең менен кайсы азыктарды жебеш керек. Тизме

Адис колбасаны эртең мененки тамактан эле эмес, рациондон таптакыр алып салууга кеңеш берди.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Белгилүү диетолог Наталья Зубарева кайсы азыктарды эртең менен жесе болбой турганын айтып берди. Бул тууралуу Р-Спорт жазды.
"Кофе, сосиска, чочконун туздалган этин (бекон), колбасаны эртең мененки тамактан алып салган оң. Негизи эле азыр колбасаны жебеш керек. Ширенин деле пайдасы жок. Ал кандагы канттын деңгээлин көтөрүп салат. Буларга өтө эле табит тартып жатса, түш ченде жесе болот", — деди ал.
Ошондой эле диетолог кечки тамактануу боюнча да айтып кеткен. Зубарева жатарга үч-төрт саат калганда тамак ичүүгө кеңеш берди. Бул эрежени сактаган кишинин эртең менен табити ачылат.
Диетолог: айрым жашылчалар кайнаган соң пайдалуу