Кан майданда от кечип, атын түбөлүккө жазып кеткен Дайыр Асанов. Сүрөт баян

Быйыл Улуу Ата Мекендик согушта көрсөткөн эрдиги үчүн Советтер Союзунун Баатыры наамын алган кыргыздын залкар инсаны, генерал-майор Дайыр Асановдун 100 жылдыгы белгиленет.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттиги улуу инсан Дайыр Асановду сүрөт түрмөк менен эскерүүнү эп көрдү.
Генерал-майор Дайыр Асанов 1922-жылы 30-майда Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Баш-Кайыңды айылында карапайым дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. 1941-жылы мектепти аяктап, аскерге чакырылганга чейин колхоздо эсепчи жана мектепте мугалим болуп иштеген. Советтик армиянын катарына 1942-жылы согуштун башталышында эле кошулган.
Дайыр Асанов Сталинград фронтунда артиллериялык аткычтар полкунун 31-танкаларга каршы жеңил артиллериялык бригадасында замбирек мээлөөчү болуп, Дон, Түштүк-Чыгыш, 2-Украина жана талаа фронтторунда душман менен салгылашкан. 20 жашында замбиреги менен душмандын танкасын өрттөп, курал-жарак жүктөлгөн унаасын жок кылган. Бул үчүн "Согуштагы эрдиги үчүн" медалы менен сыйланган. 1942-жылдын 26-сентябрындагы Сталинградды душмандан бошотууда көрсөткөн эрдиги анын атын дагы бир жолу бүт өлкөгө даңазалаган.
1943-жылы 23-мартта Украинанын Харьков шаарынын алдында болгон кармашта ал болуп көрбөгөндөй эрдик көрсөткөн. Асанов сан жагынан алда канча көптүк кылган душманга каршы согуш талаасында жалгыз туруштук берген. Душмандын үч жолку танк чабуулун токтотуп, сегиз танкын, сооттолгон үч унаасын жана кырктай немец аскерин жок кылган. Төрт сааттан ашуун убакыт чегинбей душмандын мизин кайтарган жоокерге советтик бийлик жакшы баа берип Ленин ордени, Алтын жылдыз медалы менен сыйлап, Советтер Союзунун Баатыры наамын ыйгарган.
Согуштан кийин бир катар аскер комиссариатында иштеп, аскердик лицейди жетектеп, аны союздагы эң мыкты окуу жайдын катарына киргизген.
Дайыр Асанов жубайы Жамал Асанова менен 1951-жылы Жумгалда аскердик кызматта жүрүп таанышкан. Жубайлар 58 жыл чогуу жашап, төрт уулду тарбиялашкан.
Урпактардын келечеги үчүн жанын берүүдөн кайра тартпаган Дайыр Асановдун эрдиги унутулбай келет. Бишкектеги аскердик окуу жайга анын аты берилип, эстелиги тургузулуп, музейи ачылган. Дайыр Асанов 2009-жылы 18-сентябрда көз жумган.
1 / 19

Дайыр Асанов, 2008-жылы 9-май күнү түшкөн

2 / 19

Бөжөк Жаңыбаев (Мурсалы), Дайыр Асановдун атасы

3 / 19

Айша Жаңыбаева (Жамаке кызы), Дайыр Асановдун энеси

4 / 19

"Кызыл Октябрь" колхозунун жылкычылары Дайыр Асановго ат мингизип жатышат. 1944-жыл, февраль

5 / 19

Өспүрүм кезден берки досу Жумакадыр Моңолбаев менен түшкөн сүрөтү. Ат-Башы, 1937-жыл.

6 / 19

Дайыр Асанов Ысык-Көлдүн эли менен жолугушууда. 1944-жыл, февраль.

7 / 19

Фрунзе облусунун кызматкерлери менен жолугушуусу. 1945-жылдын жай айлары.

8 / 19

Досу менен түшкөн сүрөт. 1945-жылдын башы.

9 / 19

Сталиндин 70 жылдыгын майрамдоо учуру. Фрунзе шаары, 1949-жыл, декабрь.

10 / 19

Кыргызстандык акын-жазучулар, партиялык ишмерлер жана жаштар менен түшкөн сүрөт. 1944-жыл, февраль.

11 / 19

Улуу Жеңиш күнүнүн 60 жылдыгын майрамдоо аземинде. Кыргызстандын ардагерлер делегациясы АКШнын мурунку президенти Жорж Буш (кичүүсү) менен Кремль сарайында. 2005-жыл, 9-май.

12 / 19

Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылынын тургундары, жердештери менен. 1944-жыл, февраль.

13 / 19

Дайыр Асановдун согуштан жаңы келген кези, 1944-жыл

14 / 19

Аскердик окуу жайды жетектеп турган убагы, 1992-жыл

15 / 19

Аскердик академияда окуп жүргөн кези. 1953-жыл, август.

16 / 19

Фрунзеликтер менен жолугушуу. 1944-жыл, февраль.

17 / 19

Ысык-Көлдө Советтер Союзунун Баатыры Анварбек Чортеков жана башка эс алуучулар менен (жай айы, 1946-жыл)

18 / 19

Дайыр Аснов үй-бүлөсү менен. 1987-жыл, 1-январь.

19 / 19

Москва, 1990-жыл, 9-май. Жубайы Жамал Асанова менен 1951-жылы Жумгалда аскердик кызматта жүрүп таанышкан. Жубайлар 58 жыл чогуу жашап, төрт уулду тарбиялашкан.

Тема боюнча:
Эрнст Акрамов 86 жашка чыкты. Ажат ачкан алтын колдуу хирургдун сүрөттөрү