"Тазалык" өз акчасына 100 таштанды челек сатып алды

Акыр-чикир салынчу контейнерлер жергиликтүү өндүрүштөн чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. "Тазалык" муниципалдык ишканасы өз каражатына 100 таштанды контейнер сатып алганын мэрия билдирди.
Мындай мүмкүнчүлүк абоненттик базанын кеңейиши менен пайда болгон. Контейнерлер жергиликтүү өндүрүштөн чыккан.
Бул челектерди эскилиги жеткен контейнерлердин ордуна коюу пландалууда. Ал эми колдонууга мүмкүн болгондорун оңдоп-түзөө маселеси да каралмакчы.
"Контейнерлерди жылдырууга, ичиндеги таштандыны өрттөөгө, курулуш материалдарын таштоого, чогу өчө элек күлдү төгүүгө болбойт", — дешти мэриядан.
Эгер контейнерлердин бузулганын көрүп, уурдалганына күбө болсоңуз муниципалитет 0 (707) 48-61-62 WhatsApp номерине кабарлап коюуну өтүнөт.
Радио
Асейинов: Бишкекте нан ыргытуу үчүн 1500 даана атайын челек коюлат