Башы көп ооругандар кайсы азыктарды жебеши керек? Дарыгердин кеңеши

Неврологдун пикиринде, айрым адамдар майлуу эттен баш тарткан учурда кадимкидей башы оорубай калат. Андан тышкары, шарап, кофе жана чайды азайтуу керек.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Медициналык статистикага ылайык, дүйнөдөгү ар бир жетинчи адам шакый илдетине кабылат. Невролог Павел Хорошев Sputnik агенттигине курган маегинде мындай адамдар тамак-аштын кээ бир түрүнөн баш тартышы керектигин айтты.
Дарыгердин пикиринде, айрым адамдар майлуу эттен баш тарткан учурда кадимкидей башы оорубай калат. Андан тышкары, шарап, кофе жана чайды азайтуу керек.
"Шакыйдан жапа чеккендер алкоголдук ичимдиктерди ташташы керек. Өзгөчө кызыл шарап ичимдиктердин башка түрлөрүнө караганда башты көбүрөөк чыңалтат. Мындан тышкары, курамында кофеин бар азыктар, мисалы, энергетикалык суусундуктар, кофе жана чайдын пайдасы аз", — деди Хорошев.
Ошондой эле шакыйы бар адамдардын организмине сыр жана шоколад дагы жага бербейт.
Диетолог: айрым жашылчалар кайнаган соң пайдалуу