БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Күндүн ысыгынан эс-учун жоготкон адамды көлөкөгө алып барып, андан соң дароо Тез жардам кызматын чакыруу керек. Бул тууралуу Известия басылмасы врач-педиатр Зоя Скорпилевага шилтеме кылып жазып чыкты.
Адистин айтымында, күн катуу ысыганда адам суюктук көп ичиши керек. Таттуу суусундуктарды эмес, жөнөкөй сууну жана аба ырайына жараша жеңил кийингени жакшы. Ал ошондой эле адамдарды калктуу конуштан алыс жердеги көлмөлөргө барууну сунуштайт.
Дарыгер эгер күндүн ысыгынан адам өзүн жаман сезип эс-учун жоготсо, кантип алгачкы жардам көрсөтүү керек экендигин айтып берди.
"Ысыктан жабыркаган адамдарга, өзгөчө улгайып калгандарга өз убагында жардам берүү зарыл. Эгер кимдир бирөө өзүн жаман сезсе, аны көлөкөгө алып барып, Тез жардам кызматын токтоосуз чакыргыла. Анткени ысыкта адамдын каны коюлуп кетет. Ак халатчандар келгенче суу чүпөрөктү анын чекесине, колу-бутуна коюп, денесин муздатуу зарыл", — деди Скорпилева.
Дарыгер улгайган адамды андай учурда жалгыз калтырбоо керектигин эскертти.
Эске сала кетсек, Кыргызгидромет агенттиги 26-30-июнь күндөрү өлкөдө күн катуу ысый турганын эскертти.