Туулган жери жана мезгили. Болочоктогу жазуучу 1936-жылы 15-октябрда Кемин районунун Кичи-Кемин айылында туулган. "Жашадым орден-темирсиз, жашабайм кыргыз элимсиз, жанымдын сынат канаты, жаралган жерим Кеминсиз" деген ыр саптары бар. Согуш жана согуштан кийинки оор жылдар анын балалык кезине туш келип, бирок ошого карабай окуп, 1953-жылы айылдагы орто мектепти, 1958-жылы КМУнун филология факультетин аяктады.
Коммунисттик партиянын ишенимдүү кадры болгон. Ал мезгилде окууну мыкты бүтүргөндөрдү партиялык-советтик жумуштарга кеңири тартчу, бир жылдай борбор калаада комсомолдук кызматта инструктор болуп иштеп такшалып, андан соң 1959-жылдан 1966-жылга чейин радио уктуруу жана телекөрсөтүү комитетинде адабият жана жаштар редакциясында редакторлук кызмат аткарган.
Сейит Жетимишовдун "Жашадым орден-темирсиз, жашабайм кыргыз элимсиз, жанымдын сынат канаты, жаралган жерим Кеминсиз" деген ыр саптары бар
© Фото / из семейного архива Жетимишовых
Биринчи гезиттин биринчи редактору. 1967-жылы Кыргыз ССРинин Маданият министрлиги жана Жазуучулар союзу өздөрүнө орган кылып аптасына бир жолу 16 бет менен чыгуучу басылманы негиздеген. "Кыргызстан маданияты" деп аталган ал газета чыгары менен эле аябай популярдуу болгон. Өзгөчө "Акындарга үч суроо" деген аталыштагы маектештердин макалалар түрмөгү окурмандар тарабынан кызуу кабыл алынган. Бул басылмага редактор болуп иштеген беш жыл ичинде Сейит Жетимишов кыргыз маданиятына чоң салым кошкон.
Китеп чыгаруу маданиятыбыздын эң көрүнүктүү өкүлү. Сейит Жетимишов өтө татаал, чырлуу тармак деп эсептелген басма тармактарына көп жылдарын жана чыгармачылык тажрыйбаларын жумшаган. 1973-жылы "Кыргызстан", 1987-жылы "Мектеп", 1988-1992-жылдарда "Адабият" басмаларын башкарган, дал ошол жылдарда бул басмалардан окурмандарды руханий-эстетикалык жактан тарбиялаган мыкты китептер чыккан.
Атактуу "Чалканчы". Жазуучунун көп жылдар бою (1975-1983) республиканын саясий-сатиралык "Чалкан" журналында редактор болуп турушу да анын каармандарынын позициясын аныктап, аларга күрөшчүл рух берип тургандай. Бул журнал ал киши иштеп турганда ар бир үйдүн төрүнөн орун алып, улуу-кичүүнүн колунан түшпөгөн басылма болгон. Журналга сындалып чыккандар, фельетонго каарман болгондор кызматтан кол жууй турган, же суракка чакырылып, абакка кесилген. Ошондуктан чиновниктердин баары Сейит Жетимишовдон чочулап, бул анын кадыр-баркын жогорулатып турган.
Сейит Жетимишов 1967-жылы Кыргыз ССРинин Маданият министрлиги жана Жазуучулар союзу өздөрүнө орган кылып аптасына бир жолу 16 бет менен чыгуучу басылманы негиздеген
© Фото / из семейного архива Жетимишовых
60-жылдардын адабиятына кошулган. Чыңгыз Айтматов баш болгон кыргыз прозасынын ренессансы дал ушул өткөн кылымдын 60-жылдарына туш келди, жаш жазуучулардын эсебинен кыргыз адабияты мурда-кийин болуп көрбөгөндөй ийгиликтерди жаратты. Алардын бири Сейит Жетимишов эле. Ошол кылымдын 50-жылдарында анын алгачкы аңгемелери жарыялана баштап, алар 1961-жылы "Менин атам" деген жалпы наам менен 49 беттен турган китеп болуп басылып чыкты. Алгачкы аңгемелеринде автор согуш кезиндеги балдар турмушун негизги тема кылып алып, ага материалдарды өзүнүн көрүп-билгендеринен тапкандай. Жыйнакка кирген "Менин атам", "Жамантайдын баласы", "Ууз тилек", "Бактыбек он төртүндө" деген аңгемелеринде согуш учурундагы окуялар баяндоочу каарман – өспүрүм бала тарабынан айтып берилет. 1964-жылы "Ала-Тоо" журналынын №5 санына анын "Ички кайрыктар" деген повести басылат. Чыгарманын башкы каарманы Темирдин шаардан айылга барып, мал догдур болуп иштөөсү, чабандар жана башка мал чарба адистери менен болгон келишпестиктери жалпы ошол мезгилдин өзгөчөлүктөрүнө, чакырыктарына ылайык сүрөттөлгөн. Жаш жазуучунун "Ички кайрыктар" (1964) деп аталган повесттер жана аңгемелер жыйнагынан соң дагы бир прозалык китеби "Мезгил закымдары" (1968) окурмандардын колуна тийди. Анда "Мезгил закымдары" жана "Жылдызсыз" повесттери менен бирге жети аңгемеси жана очерктери орун алган.
"Тоо булагы" романы. Сейит Жетимишовдун 1987-жылы ушундай аталыштагы романы жарык көрдү. Анда тоталитардык коомдун былгыган жактарынын чүмбөтүн сууруп чыккан Аман Чоробаевичтин образы аркылуу жалпы коомдун терс жактарын көрсөтүп берет. Анын каарманы чындык үчүн чыркырап, өжөрлүгү, жаман нерселер менен келишпөөчүлүгү жагынан айырмаланат.
Соңку чейрек кылымда жазуучу өз калемин поэзияда да сынай баштады. Философиялык, этикалык, сүйүү ырларын жазды
© Фото / из семейного архива Жетимишовых
Кыргыз коомун солк эттирген чыгарма. Жазуучунун чыгармачылыгындагы кийинки бийиктик "Эл арасында" романы болду. Роман адегенде 1989-жылы басылды, кийин эки том болуп толукталып, 2006-жылы "Бийиктик" басмасынан жарык көрдү. Өткөн кылымдын 85-жылдары (биз анда Советтик Социалисттик Республикалар Союзу – СССР деген кубаттуу мамлекеттин курамында элек) өлкөбүз ичтен бошошуп, мындай жашоого болбойт, кайра куруу керек деп пленумда каралып, мурдагы жылдарды "сенек" жылдар деп атап, жалпы коомдо жаңылануу – "перестройка" деген нерсе башталды. Бүт жашообузду, коомубузду, саясатыбызды, өзүбүздү өзүбүз сын көз менен кароого өттүк. Демек, мурдагыдай жүрө берүүгө мүмкүн эместигин түшүндүк. Дал ушул кезде жазуучулар, тарыхчылар, публицисттер кандай жашап келгенибизди ачып берип, кандай жашоо керектигин насааттап жатты. Бул багытта көптөгөн чыгармалар жазылып жатса да, аларды мурдагы эски ой жүгүртүүдөгү адамдар чыгарууга ашыкпады, тагыраак айтканда, дале болсо тоскоолдук кылды. Бул романдын тагдыры да ушундай болду, жазылганы менен элге жетпей 8 жылдай кол жазма бойдон жатты. Чыгарма ошол 80-жылдардын окуяларын сүрөттөөгө алуу менен ошол мезгилдеги коомдун, адамдардын аң-сезиминдеги эски менен жаңынын, сенектик менен кыймылдуулуктун, тоталитаризм менен демократиянын карама-каршылыгын жана күрөшүн чагылдырууга арналат. Бул маселе башкы каармандар Стал жана Дыйканбектин образынын айланасына топтолот. Ошол эле кезде алардын алыс калган айылдардагы балалыгын эскерген эпизоддор менен да таанышабыз. Бала кезде аларга таасир эткен жагдайлар, алардын тарбия алуусу, адам катары жетилиши автордук баяндоолордо чагылдырылып, алар каармандан образынын, анын мүнөзүнүн калыптануусун, дал ошол калыптанууга социалдык шарттын, чөйрөнүн таасирин көрсөтөт. Романдын каармандары айылдан келип шаарда иштеп калган чыгармачылык чөйрөнүн адамдары – теле-радио, басма тармактарында, журналистикада иштегендер. Алардын ортосундагы көрө албастык, тымызын ичтен күрөш, бири-бирине бут тосуулар, карьера жасоо үчүн жан талашуу, тармактагы коррупция, кыскасы, коомдун жана адамдардын ортосундагы татаал мамилелер романдык сюжетте көркөм жалпылаштырылат. Автор баш сөзүндө белгилегендей "адамдардын ниетинде, кулк-мүнөзүндө, жүрүм-турумунда кандай оң, кандай терс өзгөрүштөр болот деген суроолор адамдардын өздөрүнө билинбей, алардын көңүлүндө катылып жаткандыгын", "элдин бир данынын эки болушуна кедергилик кылган, ар кандай маселеде арам амал менен утууну көздөгөн кубулма кумарчылардын жорук-жосундарын" "оозго устара тиштеп отуруп" жазгандыгын роман менен таанышкан окурман жакшы байкайт. Чыгарма ак ниеттүү болууга, таза жүрүүгө чакырат жана ак нерсенин "ийилген менен сынбастыгын" көрсөтүп берет.
"Чалкан" журналына сындалып чыккандар, фельетонго каарман болгондор кызматтан кол жууй турган, же суракка чакырылып, абакка кесилген
© Фото / из семейного архива Жетимишовых
Кара сөз менен акындыкты айкалыштырды. Соңку чейрек кылымда жазуучу өз калемин поэзияда да сынай баштады. Философиялык, этикалык, сүйүү ырларын жазды. Үч ырын окуп көрөлү:
Айланайын жоодураган көзүңдөн,
Арамдыкты ой-боюмдан өчүргөн.
Сен дем алсаң, көөдөн жагың былкылдап,
Сезген сезер илеп урат төшүңдөн...
Арамдыкты ой-боюмдан өчүргөн.
Сен дем алсаң, көөдөн жагың былкылдап,
Сезген сезер илеп урат төшүңдөн...
***
...Ооба, сенден мен ат чабым улуумун,
Ойго салат оолактабай турумуң.
Жаш жагынан аралыкты жоё албай,
Жан секетим, жалгыз тентип курудум.
Ойго салат оолактабай турумуң.
Жаш жагынан аралыкты жоё албай,
Жан секетим, жалгыз тентип курудум.
***
Жалжалды көрсөм сүйөмүн,
Жанымдын чачам үрөнүн.
Сүйөт деп мени соттосо,
Сүйүнгөн жандын бирөөмүн.
Жанымдын чачам үрөнүн.
Сүйөт деп мени соттосо,
Сүйүнгөн жандын бирөөмүн.
Очеркист жана публицист. Сейит Жетимишов атактуу казак жазуучусу Мухтар Ауэзовдун, акын Аалы Токомбаевдин, тилчилер Константин Кузьмич Юдахиндин, Болот Мураталиевич Юнусалиевдин өмүрү жана ишмердүүлүктөрү тууралуу "Сыр", "Эстелик", "Негедир элестейт", "Кайран киши" аттуу макалаларын, 1996-жылы "Бийлик, жокчулук жана токчулук" деген публицистикасын жазды.