Диетолог: айрым жашылчалар кайнаган соң пайдалуу

Адис жашылчаларды өтө көп кайнатпаш керектигин айтат. Мисалы, брокколи, помидор, болгар калемпири сыяктуу жашылчалар 80-90 градус ысык сууда 4-5 мүнөт турса жетиштүү.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Айрым жашылчалар чийки кезине караганда кайнатып жегенде организмге көбүрөөк пайда алып келет. Бул тууралуу диетолог, медицина илимдеринин доктору Маргарита Королева Sputnik радиосуна берген маегинде айтты.
Диетолог билдиргендей, сабиз, помидор, болгар калемпирин кайнаткан соң пайдалуу заттар ого бетер активдешет.
"Помидор менен кызыл калемпир ысыган учурда ликопен заты бөлүнөт. Бул абдан сонун антиоксидант. Ал ткандарды жана кандын курамын жакшыртат. Ошондой эле А витамини көбөйөт", — деди адис.
Медик брокколини жээрдин алдында ысык сууга чылап коюу туура экенин айтат. Анткени жашылчанын бул түрүндө сульфорафан заты бар. Ал организмге уу сыяктуу таасир этет. Ысык суу бул затты нейтралдаштырып коёт.
Ошол эле учурда Королева жашылчаларды өтө көп кайнатпаш керектигин айтат. Мисалы, брокколи, помидор, болгар калемпири сыяктуу жашылчалар 80-90 градус ысык сууда 4-5 мүнөт турса жетиштүү.
Диетолог ысыкта иччү суусундукка эмне кошпош керектигин айтты