Казино мыйзамына ким кандай добуш берген? Депутат видеосун таратты

Буга чейин добуш берүүнүн жыйынтыгын көрсөтүүгө спикер тыюу салганы айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Исках Масалиев казино мыйзамына ким кандай добуш бергенин видео менен көрсөттү.
Эске салсак, буга чейин Масалиев жыйынтыкты көрүүгө спикер Талант Мамытов тыюу салганын билдирген.
Бирок эл өкүлү добуш берүүнүн жыйынтыгын өзүнүн компьютеринен тартып алып, коомчулукка жарыялаган. Видеодон кумарканаларды кайра ачууну кимдер колдоп, кимдер каршы болгонун көрүүгө болот.
Белгилей кетсек, кечээ казино ачууга уруксат берүү мыйзам долбоору төрт жолу добушка коюлганда "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын бардык мүчөлөрү (6 депутат) жана "Ыйман нурунун" лидери Нуржигит Кадырбеков добуш бербей коюп, мыйзам ара жолдо калган. Алар ушундай жол менен каршы пикирин билдиришкен. Андан соң танапис жарыяланып, төрага фракция лидерлерин кеңешүүгө чакырган. Себеби регламентке ылайык, жыйынга катышкан бир эле депутат добуш бербей койсо мыйзам өтпөйт.
Кийин да добушка койгондо ушундай көрүнүш кайталанды. Ал эми 59 депутат "макул", тогузу "каршы" добуш берди.
Көпкө чейинки талаш-тартыштан кийин Баш мыйзамда "көпчүлүк добуш менен кабыл алынат" деген нормага таянып чечим чыгарышкан.
Ыйлабай, күлбөй, бир чечимге келиңиз! Ташиев депутат Сулаймановду какты