Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Катериновканын жашоочулары: Украинанын күч түзүмдөрү үйлөрдү тоногон. Видео

Айылдагылар ЛЭР менен РФтин аскерлерин күткөнүн жана аларды көзгө жаш алуу менен тосуп алганын билдиришти.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Украинанын күч түзүмдөрү Донбасстагы Катериновка айылынан чыгып баратып үйлөрдү тоногонун жергиликтүү тургундар журналисттерге айтып беришти.
Буга чейин Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Луганск Элдик Республикасындагы Катериновка айылы бошотулганын билдирген. ЛЭРдин Элдик милициясы дагы калктуу пункт республика менен РФ күчтөрүнүн көзөмөлүндө экенин тастыктаганын РИА Новости жазды.
"Улутчулдар чыгып баратып (Украинанын күч органдарынын кызматкерлери — ред.) баарын "тазалап" кетишти. Үйдө эч нерсе калган жок. Жашоочулардын беш машинасын алып, бир жай тургунду атып салышты", — деди жергиликтүү тургундар.
Алар ошондой эле айылдагылар ЛЭР менен РФтин аскерлерин күткөнүн жана аларды көзгө жаш алуу менен тосуп алганын билдиришти.
"Украинанын европалык чыйыры" Европа биримдигин эмнеге кептейт?