БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Айыл чарба министрлиги жер семирткичтер менен өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын колдонордон мурда сапатын текшерип алуу маанилүү экенин эске салып, лабораториялык кызматтарды сунуштады.
Кыргызстанда бул иш менен Борбордук жана Оштогу атайын адистештирилген токсикологиялык көзөмөлдөөчү лабораториялар алектенет.
Алардын кызматтары менен баасы:
минералдык жана органоминералдык жер семирткичтердин сапатын аныктоо (бир үлгү) – 1 572 сом;
пестициддердин сапатын аныктоо (бир үлгү) — 1 572 сом;
сууда, топуракта, өсүмдүктө пестициддердин калдыктарын аныктоо (бир үлгү) — 1 572 сом;
топурактын асылдуулугун аныктоо — 1 034 сом.
"Агрохимиялык анализдин жыйынтыгы боюнча элементтердин тартыштыгын белгилөөгө болот. Топурактын асылдуулугун жогорулатуу үчүн кандай минералдык жана органикалык жер семирткичтерди колдонуп, көлөмү канча болушу керектигин анализдин жыйынтыгы менен биле аласыз", — дешти министрликтен.
Лабораторияларга 03222 8-44-33, 0778 828 716, 0500 003 051 номерлери аркылуу байланышса болот.