Масалиев: спикер казино мыйзамына ким кандай добуш бергенин көрсөтүүгө тыюу салды

Депутат мындай тыюу регламентке каршы келерин айтууда.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев казиного уруксат берген мыйзам долбооруна ким кандай добуш бергенин көрсөтүүгө спикер Талант Мамытовдун тыюу салганын билдирди.
"Кечээ аппарат кызматкерлеринен добуш берүүнүн жыйынтыгын кагазга чыгарып бергилечи десем төрага уруксат бербей жатканын айтты. Бул мыйзам чегинде тыюу салынганбы же, төрага, сиздин буйругуңузбу? Илгертен бери биз добуш берүүнүн жыйынтыгын эркин эле алчубуз. Жашыруун болуп калды беле? Мага ошону берип коюңуз, мен эч кимди коркутпайм. Бирок мага керек болуп жатат", — деди Масалиев.
Төрага жыйында жок болгондуктан бул дооматка вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев жооп берип, ал дагы ким кандай добуш бергенин көрө электигин айтты.
"Төрага уруксат берсе анан көрөбүз. Айталы, сизге өздөрү алып барып көрсөтөт", — деди Сыдыгалиев.
Белгилей кетсек, кечээ казино ачууга уруксат берүү мыйзам долбоору төрт жолу добушка коюлганда "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын бардык мүчөлөрү (6 депутат) жана "Ыйман Нурунун" лидери Нуржигит Кадырбеков добуш бербей коюп, мыйзам ара жолдо калган. Алар ушундай жол менен каршы пикирин билдиришкен. Андан соң танапис жарыяланып, төрага фракция лидерлерин кеңешүүгө чакырган. Себеби регламентке ылайык, жыйынга катышкан бир эле депутат добуш бербей койсо мыйзам өтпөйт.
Кийин да добушка койгондо ушундай көрүнүш кайталанды. Ал эми 59 депутат "макул", тогузу "каршы" добуш берди.
Көпкө чейинки талаш-тартыштан кийин Баш мыйзамда "көпчүлүк добуш менен кабыл алынат" деген нормага таянып чечим чыгарышкан.
Таштанбеков: Мадумаров өкмөткө гол киргизди, эми аны менен ойногонду үйрөнөлү