АКШнын ажаан тышкы саясаты жана НАТОнун Чыгышты карай кеңейиши европалык коопсуздук системасын кыйратып, Азия менен Түндүк Америкадагы аскерий кооптуулукту күчөттү, муну менен бирге Украинада альянстын аскерлери кырылууда.
Кечээ Ак үй Харьковго жакын жерге кармалган 39 жаштагы Александр Дрюке жана 27 жаштагы Энди Уинх аттуу жалданма жоокерлер өлүм жазасына тартылышы мүмкүн экенин угуп төбө чачы тик турду. Мындай "ыктыярчылар" Женева конвенциясына да ылайык келбейт, аскер туткуну болуп да эсептелбейт дейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко.
9-июнда Донецк Эл Республикасынын Жогорку соту үч жалданма согушкерди: Британиянын эки, Марокконун бир жаранын өлүм жазасына тартууга өкүм кылды. Украинада жүрүп жаткан россиялык атайын операциянын жүрүшүндө колго түшкөн ар бир чет элдик "легионерди" ушундай эле тагдыр күтүп турганы анык.
Төбө чачы тик турган Ак үй эки жүздүүлүгүн көрсөтүп жатат. РФ Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, 24-февралдан 17-июнга чейинки убакытта Украинада "орустарды аткылоого" келген 530 америкалык жалданма жоокердин 210у каза тапты. Дээрлик бир батальон, мындан көбүрөөк (378) "легионеринен" Польша гана ажырады. Тизмени Запорожье облусунун Дорожнянка айылында набыт болгон 52 жаштагы Стивен Забельски жыйынтыктады. Ал тургай таасири күч делген The New York Times да Украина боюнча АКШ "чектен чыгып", өзөктүк ири держава болгон Россия менен аскерий тирешүүгө өткөнүн жазып чыкты.
Британия Украинадагы кагылышууда 422 "ыктыярдуу жоокеринин" 100үнөн ажырады, бул дээрлик бир рота. Ал эми жалпы жонунан Украинадагы 6956 жалданма жоокердин 1 956сы каза тапты. Аймактагы реалдуулуктан улам 64 өлкөдөн келген 1 779 "ыктыярчы" аман-эсенинде үйүнө кайтты. Бүгүнкү күндө Киев режиминин карамагында болгону 3 220 "легионер" бар (20 миңдей жалданма жоокер тууралуу маалымат чындыктан ого эле алыс).
Мындан улам Лондон Россияга ДЭРде өлүм жазасына тартылгандар боюнча нота жөнөткөн. Бирок Улуу Британиянын ТИМи Украинадагы атайын операцияга SAS спецназы катышып жатканына көбүрөөк тынчсызданышы керек эле, жаракат алган, көз жумган мекендештеринин саны кыйла көп болушу мүмкүн.
Бумеранг
Россиянын Абадан коргонуу күчтөрүнүн ырааттуу өнүгүшү, Украина кризисинин күчөшү жана жамааттык Батыштын экономикалык көйгөйгө кептелиши жөнөкөй америкалыктар менен европалыктар Украина президенти Владимир Зеленскийдин арыз-муңуна барган сайын кайдыгер болуп баратат. ЕБ калкынын жарымы антироссиялык санкциялардан улам жашоо деңгээлинин төмөндөп, баанын көтөрүлүшүнө даяр эмес.
Киев режиминин жаза басышы, жоготуусу чет жактан жалданып келгендерди артка, Россия бир сокку менен каршылаштын 500 жоокерин же 50 офицерин жок кылып кое ала турчу Донбасс менен Украинадан алыс кайтарууда.
Украинанын жеңилери турулуу иш. Мындан улам Европа мамлекеттери Киевге курал жөнөтпөй узакка созулган сүйлөшүү, макулдашуулар менен көз жазгырып, Россия менен болгон кагылышууну эптеп Украинанын аймактык бүтүндүгүн садага чаап болсо да аягына чыгарууну пландап жатат. Кечээ жакында эле НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг өзү "Украина бир бөлүгүн Россияга бергенде гана тынчтыкка жетет" деди.
Мындай жагдай чырды тутантуу үчүн миллиарддаган доллар сарптаган Батыш менен АКШ үчүн өтө кооптуу, бирок Россия менен чындап согушуу андан да жаман. Америкалыктар Россияны бөлөк бирөөнүн колу менен болушунча алсыратууга кызыкдар. Киев режиминин күнү бүтүп баратат. Берлин, Париж жана РИМ Вашингтон менен Лондондун позициясынан акырындап оолактап жатканы байкалууда. Бирок "ааламдын башы" болуп алган элитага кошулууга жан үрөгөн Чыгыш Европанын башка мамелкеттери бар: Польша Украинага 1200дөй жалданма жоокер жөнөттү, Литва менен Эстониядан 300 аскер барды. Лондондо Улуу Британия, Польша, Литва, Латвия, Эстония жана Украина кирген жаңы аскерий биримдик түзүү сунушу да жөн салды айтыла калган жок. Кокустук эмес, Батыш Россия менен узакка чейин тирешүүгө даярданып жатат.
Июндун аягында Мадридде өтө турган НАТО саммитинде "өнөктөштөр" стратегиялык концепциясын өзгөртүп, Россияны "дүйнөгө жана коопсуздукка коркунуч келтирген өлкө" деп жар салышат. Ал эми азырынча АКШ Польша менен Литваны Россияга каршы "экинчи фронт" катары пайдаланууга аракет кылып жатат. Вильнюстун Калининград облусуна россиялык транзитке тыюу салышы ЕБ менен макулдашылбаса да АКШнын кызыкчылыгына толук жооп берет.
Россия Федерациясынын субъектин экономикалык блокадага алуу — кастык чагымчылык. Темир жол байланышын бөгөттөө — блокаданын башталышы. Эл аралык укукка ылайык, бир же бир нече мамлекеттин биригип кургакта жана деңизде блокадага алуу аракети аскерий агрессия деп саналат. Деңиз блокадасы — согуш маалында гана жасалчу акция. Эгер ал БУУнун Уставына (51-берене) туура келбесе, куралдуу агрессия деп бааланат. Мунун трагедиялуу кесепетин НАТОнун европалык мамлекеттери тартат. Түндүк Америка кээрин санкцияныкы сыяктуу бир аз кечирээк сезет.
Кремль Литва бийлигинин чечимин мыйзамсыз деп атап, чара көрүлөрүн убадалады. Федерация кеңешинде литвалык чектөөлөрдү Россиянын суверенитетине асылуу деп, "өтө катаал жооп" болушу мүмкүндүгүн айтышты. Балким АКШнын максаты да Чыгыш Европаны кыйратуудур. Украинадан кийин америкалыктар Литва, Польша сыяктуу лимитроф-мамлекеттерди оңой эле ала салдырып коерун көрүп жатпайбызбы.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыз.