Пресс-борбор

Геннадий Базаровдун 80 жылдыгына арналды. Бишкекте эл аралык кинофестиваль өтүүдө

Маданият министрлиги IFES долбоорлоруна катышууну сунуштап, 2016-жылдан тарта кинофестивал эл аралык макамына ээ болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Бишкек шаарында жаш киночулардын "Үмүт" эл аралык XIX кинофоруму өтүп жатат. Бул тууралуу фестивалдын программалык директору, кинотаануучу Гүлбара Төлөмүшова Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Кинотаануучу Гүлбара Төлөмүшова
"19-июндан 23-июнга чейин Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн онунчу "Үмүт" жаш кинематографисттер форуму өтүүдө. Иш-чараны Москвада жайгашкан Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фонду (IFHC) колдоого алган. Бул — постсоветтик өлкөлөр арасында ЮНЕСКО сыяктуу уюм", — деди Төлөмүшова.
Анын айтымында, алгачкы форум жергиликтүү деңгээлде өтүп, ага кыргызстандыктар гана катышкан. Кийин Маданият министрлиги IFES долбоорлоруна катышууну сунуштап, 2016-жылдан тарта кинофестивал эл аралык макамга ээ болгон.
Төлөмүшова иш-чара КР эл артисти Геннадий Базаровдун 80 жылдык мааракесине арналып жатканын, ал ачылыш аземдин ардактуу коногу болорун белгиледи.
Форумдун программасы эки сынакты камтыйт:
улуттук — 16 фильм, дипломдук иштер жана студенттердин эмгектери;
эл аралык — 15 фильм, анын ичинде Армения, Азербайжан, Россия, Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан жана Кытай режиссерлорунун тасмалары камтылган.
Эске салсак, форумдун ачылыш жана жабылыш аземи "Ала-Тоо" кинотеатрында жана "Дордой Плаза" соода борборунда 20-23-июнь күндөрү өтөт.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу форумдун расмий медиаөнөктөшү болуп саналат.
Радио
Жапар уулу: Чувашиядагы фестивалда "Акыркы көчтүн" сценарийи мыкты деп табылды