БИШКЕК, 20-июн. —Sputnik. Айыл чарба министрлиги “Мөңгүлөрдү сактайбыз” аталышындагы акция баштады. Бул тууралуу тиешелүү ведомстводон билдиришти.
Негизги максат — Кыргызстандагы токойлордун аянтын кеңейтүү.
ЮНИСЕФтин адистеринин маалыматына караганда, Кыргызстан сууга бай болгону менен географиялык жайгашуусунан улам климаттык өзгөрүүлөргө жакшы туруштук бере албаган аймак.
“Мындан улам акыркы 50 жыл ичинде өлкөдө мөңгүлөрдүн 30 пайызы жок болуп кеткен. Глобалдык жылуулуктан тышкары мөңгүнүн эришине бийик тоолуу жерлерде токой аянттарынын аздыгы таасир этет. Андыктан Кыргызстандын аймагында токойлорду көбөйтүү тапшырмасы турат”, — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө
Учурда өлкө аймагынын 5,6 пайызын гана токой ээлеп турат.