Прокуратура УКМКнын тергөө абагындагы өлүмдүн себебин текшерүүдө

Учурда видеобайкоо жазуулары алынып, кызмат адамдары суралууда.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы УКМКнын тергөө абагында "Айыл банк" төрагасынын экс-орун басары өз жанын кыйышы боюнча фактыны текшерип баштады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, учурда тергөө абагынын видеобайкоо жазуулары алынып, кызмат адамдары суралууда. Ошондой эле соттук-медициналык жана башка тийиштүү экспертизалар дайындалган.
Окуянын жагдайлары толук жана объективдүү текшерилип, жыйынтыгы боюнча юридикалык баа берилери айтылды.
Белгилей кетсек, УКМК 18-июнга караган түнү "Айыл банк" төрагасынын экс-орун басары А.Б. өзү отурган камерада асынып алганын билдирген. Ал 30-апрелден бери тергөө абагында кармалып турган.
Коррупцияга аралашкан. УКМК "Айыл Банктын" мурдагы кызматкерлерин кармады