"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына кайнене, кайнатасы менен чогуу жашагандан тажаган келиндин каты жарыяланды.
Саламатсыздарбы. Бул катты жазууга аргасыз болдум. Азыр мен чындыгында психологдун кеңешине зар болуп турган учурум болсо керек. Турмушка чыкканыма беш жылга чукулдап калды, эки баланын апасымын. Жолдошум ала качып кеткен. Бирок көңүлүмө жагып, отуруп калгам. Анын үстүнө экөөбүз мурда тааныш болчубуз. Башында шаарда турчубуз. Ортодон күйөөм "ата-энемдин жашы өтүп баратат" деп айылга келдик. Кайнагам бар, бирок ал чет мамлекетте. Кыргызстанга келчү ою жок. Ата-энебиз менен турганыбызга үч жылга чукулдады. Бул аралыкта кайнатам менен кайненем бизге көп эле нерсени көрсөтүп койду. Бирөө эмес экөө тең күнү куру дебей беркиден сеп этип алышат. Шаан-шөкөт, дос-тааныш дегендери өтө эле көп. Эки күндүн биринде майрам, конок. Ичкенде эле кайненем мага асыла баштайт. Кайнатам болсо күйөөмө нааразы болуп "элдин балдарындай үй салбайсың, акча таппайсың, кыйратпайсың" деп кулак-мээсин жейт. Күйөөм айылдан жумуш чыкпай мал, талаа иштери менен эле алек. Кайнене, кайнатам 60тан өттү. Жашы өтүп баратканда көңүлүн калтырбайлы деп үч жыл жакшы эле чыдадык. Кээде күйөөм кадимкидей ыйлайт. Өзүнчө бөлүнүп кетели десем "биз жок экөө таптакыр ичип кетет, каралбай калат" дейт. Бирок мен да чыдабай калдым. Балдарымды бакчага берип жумушка чыгып алайын десем кесибиме ылайык жумуш жок. Кайненеме балдарды таштагандан корком. Ал кишиге эне катары деле кайрылып, ачык сүйлөшкөнгө аракет кылдым. Бирок "мага акыл үйрөтчү сен эмессиң" деп уккусу жок. Жок дегенде арагын азайтышса чыдап жашай берет элем, коюшчудай эмес. Биз деле жаш үй-бүлөбүз. Өзүнчө түтүн булатып, балдарга жакшыраак тарбия берип, эл катары жашагыбыз келет. Күйөөм да акыркы күндөрү ата-энесинин арагы, сөзүнөн тажап, чүнчүп кетти. Анда-санда "нерв болдум" деп досторуна кошулуп ичет. Берилип кете электе башка жакка алып кетип калсамбы деп да ойлойм. Таптакыр аргасыз абалда турам. Эки балам менен кетип кала албайм. Жолдошумду жакшы көрөм, аны аяйм. Ал болсо "ата-энемди жалгыз калтырбайм" дейт. Чынын айтсам, чыдабай калдым. Туура багыт көрсөткөн кеңешиңиздерди күтөм.
Психолог Айгүл Ысыкеева:
— Ичкилик аралашкан үй-бүлөлүк көйгөйлөр өтө оор болуп эсептелинет. Кат жазган келин жолдошу, кайын журту үчүн жашоосун курмандыкка чалабы же башка жол издейби, аны өзү чечиши керек. Адам биринчи өзүн ойлойт. Бул туура. Ошондуктан, менимче, убактылуу ал үйдөн бөлүнүп жашап турган оң. Мисалы, кайнагасы ата-энесинин жанында жашагысы келбей кетип калыптыр. Ал эми жолдошуңуз үчүн тандоо оор. Ал балдары менен сизди же ата-энесин тандашы керек болууда. Бирок акыры чечим кабыл алууга туура келет. Стресстен чыга албай жатып ичкиликке берилип кетиши да мүмкүн. Алкоголдук ичимдик ичкен адам ага көз каранды болуп, эмоционалдык жактан өзүн башкара албай калат. Убактылуу көңүлү ачылгандыктан адам акырындан көнүп кетет. Бул оору. Дарылоо керек. Психологиялык да жардам берүү зарыл. Сиздер бөлүнүп эле ата-апаңарга мүмкүнчүлүгүңөргө жараша жардам берип турганыңар жакшы.
Аябай тажаганыңызды жазыптырсыз. Албетте, мындай шартта күн кечирүү кыйын. Ичкен кишилер менен алышып жатып балдарга да тийиштүү деңгээлде көңүл бурулбай калат. Депрессияга түшүп кыйналат. Ошол себептен тез бир чечимге келиңиздер. Анткени жолдошуңуз да ичимдик ичип баштаганын жазыпсыз.