БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. УКМКнын тергөө абагында отурган "Айыл Банктын" насыяларды тескөө бөлүмүнүн мурдагы башчысы А.Б.Р. өз жанын кыйды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
А.Б.Р. "Айыл банк" төрагасынын орун басары болуп дагы иштегени маалым.
Билдирүүгө ылайык, ал коррупцияга шектелип 30-апрелден бери тергөө абагында болчу. 18-июнга караган түнү саат 00:55 чамасында өзү отурган камерада асынып алган.
"Тергөө абагынын кызматкерлери жана камералаштары тарабынан биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, Тез жардам кызматы чакырылган. А.Б.Р. санитардык блокко жайгаштырылган, анын жанында дагы 3 айыпкер болгон. Алар эки кишилик эки камерага бөлүнүп киргизилген. Ошол эле учурда жуунуучу бөлмөлөрү жалпы болгондуктан камералардын эшиктери дайыма ачык болгон. Бирок камералардын коридору өзүнчө тор менен тосулган. А.Б.Р. өз өмүрүнө кол салуу учурунда жанындагы айыпталуучулар башка камерада намаз окуп жатышкан", — деп айтылат маалыматта.
УКМК "Айыл банктын" мурдагы бөлүм башчысы ден соолугу, камакта кармоонун шарттары тууралуу мурда-кийин даттанбаганын айтууда. Жактоочу айыпталуучуга ээн-эркин кирип турганы жана жакын туугандары менен жолугушууга да уруксат берилгени белгиленди.
"Мындан тышкары, А.Б.Р. камакта отурган учурунда өз жанын кыюуга шектенткен нерселер жүрүм-турумунан байкалган эмес. Азыркы учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды", — деп билдирди УКМК.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 8-февралында УКМК коррупциялык схема түзгөн деп "Айыл Банк" ААКнын жооптуу кызматтарында иштеп кеткен төрт кишини кармаган болчу.