Адылбек Касымалиев өкмөт башчынын биринчи орун басары болуп дайындалды

Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Адылбек Касымалиев министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулганы кабарланган. Адылбек Касымалиев биринчи орун басардын милдетин аткарып жаткан болчу.
Кызматчысы кол чатырын көтөргөн прокурор президенттин администрациясына келди