БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Башкы прокурор Курманкул Зулушев бүгүн, 16-июндан тарта, өзүнүн кызматтык милдетин аткарууга киришти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү тескемеге өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.
"Ошондой эле аталган тескеме менен мамлекет башчысынын 2022-жылдын 3-июнундагы буйругунун 2-пункту күчүн жоготту деп табылды", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри кызматынан четтетилген Бейшеналиевге карата жалпы жети кылмыш ишин козгогон. Министр пандемия учурунда коронавируска каршы вакцинаны максатсыз сатып алып мамлекетке 55 миллион сомдук зыян келтиргени айтылган.
Кийинчерээк өлкө башчы Зулушевди Бейшеналиевге карата кылмыш иши тергелип бүткүчө кызматтан убактылуу четтеткен. Буга экөөнүн мамилеси себеп болгон.
Алымкадыр Бейшеналиев менен Зулушевдин чатагынын төркүнүн материалдан окуңуз.
Белгилей кетсек, бүгүн, 16-июнда, тергөө абагындагы Алымкадыр Бейшеналиев үй камагына чыгарылды.