Өмүрүнүн 70 жылын музыкага арнаган. Маэстро Асанкан Жумакматовдун сүрөттөрү

Бүгүн — СССРдин эл артисти, атактуу дирижёр Асанкан Жумакматовдун туулган күнү. Маэстро мындан 99 жыл мурун жарык дүйнөгө келген.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттиги залкар инсандын сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Асанкан Жумакматов 1923-жылы 16-июлда Чүй облусунун Ысык-Ата айылында жарык дүйнөгө келген. Үч жашка чыкканда атасы бай-манап делип камалып, Сибирге сүргүнгө айдалган. Алты жашында бир тууган агасы жана энеси менен Украинага жөнөтүлүп, сегиз жыл бөтөн жерде атасыз күн кечирген. Ошол жылдары болочоктогу дирижер тил үйрөнүп, музыкага жакындаган.
16 жашында Кыргызстанга кайтып келип борбор калаадагы педагогикалык техникумга тапшырган. Бирок музыка дүйнөсү тынчтык бербей, ал жакта бир жылдай эле билим алган. Андан соң музыкалык драма театрына ишке кирип, 17 жашында фронтко аттанып, Сталинграддагы беттеште катуу жаракат алып кайра мекенине кайтып келген.
Кийинки жылдары дирижёрлук студияны артыкчылык менен аяктап Опера жана балет театрында, Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде эмгектенген.
КРдин эл артисти чыгармачылыгында "Токтогул", "Жамийла", "Дон Карлос", "Ромео жана Жульетта" өңдүү 50дөн ашык опера жана балеттерди оркестрлештирип, Болот Миңжылкыев, Кайыргүл Сартбаева, Токтоналы Сейталиев, Дарика Жалгасынова жана Керим Турапов өңдүү бир топ аткаруучуларга жол көрсөткөн. Өмүрүнүн 70 жылын музыкага арнаган профессор 2008-жылдын 21-июлунда 85 жаш курагында дүйнө салган.
1 / 14

Болочоктогу дирижер Украинада тил үйрөнүп, музыканы кичинеден өздөштүргөн

2 / 14

Асанкан Жумакматов эмгек жолун борбор калаадагы музыкалык драма театрында баштаган

3 / 14

Оркестрди жетектеген Жумакматов, обон созгон Болот Миңжылкыев. Концерт маалында тартылган сүрөт.

4 / 14

СССРдин эл артисти Москвадагы жаштар менен студенттердин фестивалында, 1985-жыл

5 / 14

Дирижердун жетектөөсүнүн алдында оркестрлер Батыш өлкөлөрүндө концерт берген

6 / 14

Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты өмүрүнүн 70 жылын музыкага арнаган. Сүрөттө Асанкан Жумакматов оркестрди угууда.

7 / 14

Маэстро 1962-1972-жылдары Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин көркөм жетекчиси, башкы дирижеру болгон

8 / 14

КРдин баатыры Улуу Ата Мекендик согушка 17 жашында катышып жарадар болгон

9 / 14

Борбор калаанын "Ала-Тоо" аянтында оркестрди жетектеген залкар

10 / 14

КРдин эл артисти жубайы жана кыздары менен

11 / 14

Дирижер 70 жылдык юбилейинде байбичеси менен

12 / 14

Замандаштары менен Эмгек Кызыл Туу орденин алган учур. Окмуштуу Курмангалы Каракеев, мамлекеттик, коомдук ишмер Зууракан Иманкалыкова, атактуу хирург Иса Ахунбаев, скульптор Тургунбай Садыков жана дирижер Асанкан Жумакматов.

13 / 14

Экс-премьер-министр Апас Жумагулов дирижерго ат мингизген учур

14 / 14

Кыргыз Республикасынын эл артисти 2008-жылы 21-июлда 85 жаш курагында дүйнө салган

Тема боюнча:
Москвалыктарды таңданткан кыргыздар. 83 жыл мурдагы декада ирмемдери
Түнөп, таңда комуз менен гимн аткарган Калык Акиев. "Кыргыз радиосунун" 90 жылдык тарыхы