Күн катуу ысыйбы? Дем алышка карата аба ырайы

Бишкекте күн ачык, ысык болору божомолдонду.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Кыргызгидромет аптанын акыркы эки күнүнө карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, дем алыш күндөрү өлкөнүн айрым жерлеринде күн ачык болсо, кээ бир аймактарына жамгыр жаайт. Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 34 градуска чейин ысышы ыктымал.

Чүй, Талас облустары

Чүйдө 18-19-июнь күндөрү тоолуу райондордо өткүн өтүшү мүмкүн, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 33 градуска чейин ысыйт. Таласта 19-июнда күндүз өткүн өтүшү ыктымал. Башка учурда күн ысык болуп, абанын температурасы 29...31 градусту көрсөтөт.

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустары

Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жаан себелеп, тоолуу райондоруна жамгыр катуу жаашы күтүлүүдө. Жалал-Абад жана Баткен облустарында 19-июнь күнү гана жаан жаайт. Ишембиде күн ачык болуп, абанын температурасы 32...34 градуска чейин ысыйт.

Нарын, Ысык-Көл облустары

Дем алыш күндөрү Ысык-Көлдө өткүн өтүп, жаан жаайт. Анткен менен абанын температурасы 25 градуска чейин ысык болот. Нарында дагы жаан жаай турганы айтылды. Абанын температурасы 20...25 градусту көрсөтөт.
Жайдын биринчи айы ысык болобу? Июнга карата аба ырайы