Айбек Жунушалиев президенттин администрациясынан башка кызмат алды

Жунушалиев буга чейин президенттик администрацияда башка кызматта иштечү. Ошондой эле Бишкек шаарынын мэри да болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Айбек Жунушалиев президенттин администрациясына караштуу Президент жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын начальниги болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон. Буга чейин аталган кызматты Алтынбек Эргешев ээлеп турган.
Айбек Жунушалиев буга чейин Президенттик администрациянын жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальниги болуп иштеген. Андан мурда Бишкек шаарын башкарган.
Адылбек Касымалиев өкмөт башчынын биринчи орун басарынын милдетин аткарат