Акжол Махмудов дүйнөлүк курама командага кирди. Беттеш Германияда өтөт

18-июнда Людвигсбург шаарында The last fight турнири өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Токио Олимпиадасынын күмүш байге ээси Акжол Махмудов дүйнөлүк курама командага кирип, бул курам менен Германия командасына каршы күрөшөт. Бул тууралуу германиялык сайттар жазды.
Билдирмеге караганда, 18-июнда Людвигсбург шаарында The last fight турнири өтөт.
"Махмудов дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси, Европанын экс-чемпиону Паскаль Айзел менен кармашууга чакырылган. Алардын беттеши 82 килограммга чейинки салмак категориясында өтөт", — деп жазылат билдирмеде.
Маалым болгондой, ата мекендик спортчу бул мелдеште жаракат алган азербайжандык Рафиг Гусейновду алмаштыра турганы айтылды.
Эртеби-кечпи, жолугабыз! Акжол Махмудов Роман Власов менен беттеши жылганын билдирди